Саламаттыкты сактоо министрлиги күзүндө карантин жарыялоону пландаган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйынында билдирди.
"Бала бакчалар, мектептер жабылат, карантин жарыяланат, окуу онлайн түрүнө өтөт деп айтылгандар баары имиш кептер. Учурда күзүндө карантин киргизүүнү шарттай турган себептер жок. Күздө мезгилдик суук тийүү, грипп оорулары көбөйүшү мүмкүн. Биз буга даярбыз", - деди ал.