Печать
Категория: Коом
Просмотров: 2782

Ырчы Айбек Карымовдун акыркы убакта чыгармачылык менен катар дыйканчылык менен да алектенээри маалым. Мына, ушул дыйканчылыгына байланыштуу Айыл чарба министрлигин ишине канааттанбай турганын билдирди.

"Эл байкуш ушунча аракет кылып ушул мөмө жемиштерди эгишти, тигишти! Элибизде "ийлеп, ийлеп итке сал" деген макал бар. Мени бир эле суроо кызыктырат. Жыл сайын Айыл чарба министрлиги "быйыл Кыргызстанда баланча гектарга арпа, жүгөрү, өрүк, буудай өндүрөбүз" деген маалыматты сыртка бериши керек. Менин 25 гектар бедем бар, 17 гектар жерге жүгөрү айдагам. Айыл чарба министрлигине чалып үрөн сурасам, "тыякка бар, биякка бар" деп сүйрөдү. А мен сурай берип жадаганда, "пионер" аттуу үрөндү доллар менен алып, септим. Буйруса түшүм алам деп турам. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Айыл чарба министрлигин жоюп, айыл чарба продукцияларын, сатуу жана кайра иштетүү департаментин чакан кылып түзүү зарыл! Урматтуу Айыл чарба министрлиги! Элдин кылган ишин өзүңөргө сводка кылып олтура бербегилечи! Жакында силерди жоюу боюнча флешмоб баштайбыз!" - дейт ырчы. 

Ошондой эле, аталган министрлик өз киндигин өзү кескен дыйкандарды жада калса сугат суу менен камсыз кыла албай жатканын белгиледи:

"Азыркы учурдун талабына ылайык иш алып бара албай жатышат. Булар үчүн иш деле жок. Дыйкандар, багбандар, фермерлер өздөрү эле өнүктүрүп, өз киндигин өзү кесип келишет. Эң оболу жөнөкөй эле сууну убагында бөлүштүрүп бере алышпайт! Булар батинкесинин да боосун чече алышпайт. Биздин өлкөгө айыл чарба эмес, ал эми айыл чарба продукцияларын сыртка сатуу депортаменти гана керек!"