Президент Садыр Жапаров Каркыра жайлоосунда түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган. 23-июлда Каркыра жайлоосунда жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен актер Советбек Жумадыловдун мааракеси белгиленген.
Айрымдар мамлекет башчысы минген атты талкууга алышты. Алар өлкө башчысы чобур ат минип алганын кеп кылышкан.
Тарыхчы Кыяз Молдокасымов кыргыз атынын өзгөчөлүгүн белгиледи:
- Эми талкууланат турган маселе түгөнүп атка өттүкпү. Бийик тоолорго минилчү кыргыз аттары ушундай эле болот. Асыл тукум аттарды бийик тоолорго минүүгө болбойт! Оңкосунан кетип минген адамды майып кылат.
Мен да бир жолу сырт жайлоосуна барып келишкен бир атты көрүп мингим келди. Бирок ээси ал атты түз жерде гана минилээрин айтып, мага бийикке жарамдуу кыргыз жылкысын сунуш кылды. Чын эле тик өйдөдөн ат кыйналбады, жалын кармап араң чыдаган мен кыйналдым.
Кыргыз жергесине келген бир-эки кылым мурдагы саякатчылар кыргыз аты жапыз бойлуу, бирок тоо-таштарга, тик өйдө бийикке, тик ылдыйышка кыргыз аты гана чыдамдуулугун суктануу менен жазышкан. Шабдан баатырдын ашында (1912-ж. Октябрь) алда канча заңкайган англиялык асыл тукум аргымактан (Жакерия болуш керек) кыргыздын жапалдаш чакан аргымактары алдыда келгенин Дмитриев аттуу малдоктур эмгегинде таасын чагылдырган.
Заңкайган аргымак минип чыкса Президент анда тоого, бийикке ушундай атты кантип минип чыксын деп чыкмаксыңар.
Эми ар нерсеге асыла бербей бийик бололучу байболгурлар!