Печать
Категория: Коом
Просмотров: 15332

"Ата-Журт” партиясынын Камчыбек Ташиев башында турган өкүлдөрү карапайым кыргыз элине ыраазылыгын билдирүү максатында Кыргызстандын региондоруна иш сапары менен аттанышты. Алардын башкы мүдөөсү - өлкөнү түрө кыдырып, шайлоочуларга ыраазычылык жолдоп, ак бата алуу гана эмес, үч партиянын коалициялык биригүүсүнөн кийинки аткарылып жаткан иштердин натыйжаларын байкоо, карапайым элдин көйгөйлөрүн, муктаждыктарын билүү. Бул тууралуу бүгүн, 5-майдагы санында “Майдан.кg” гезити жазып чыкты.

 

2-май күнү башталган иш сапар дээрлик бир жумадан ашуун созулуп, К.Ташиев баш болгон “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары алдын ала болжонгон программа боюнча республиканын 21 аймагында болуп кайтмакчы.
Гезиттин маалыматы боюнча, карапайым калк негизинен өз региондоруна тийешелүү көйгөйлүү маселелерге токтолушту. Маселен, айыл чарба иштери үчүн берилип жаткан арзандатылган өкмөттүн кредитин ала албагандар көп экен. “Жалпы-жонунан, республика боюнча дыйкандарга кредит берүү максатында 1 млрд. сом бөлүнгөн. Бул каражатты 456 айыл өкмөтүнө бөлгөндө 2 млн. сомдон гана айланат. Демек, бир айылдан болгону 10 эле кишиге кредит берилет. Мисалы: Барпы айылында 29 миң калк жашайт, анын 10у гана кредит алышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө ошол 1 млрд.дын болгону 30 пайызы гана берилди, демек, 10 адамдын бир-экөө гана насыяга ээ болду десек жаңылыштык эмес. Ага карабай эле күнүгө теле аркылуу рекламашууда. Эгерде 20 же 50 млрд болсо, анда кеп башка эле”,- деди К.Ташиев бул маселеге токтолуп.


Айрым шайлоочулар май айынан тарта бюджет кызматкерлери, мугалим, дарыгерлердин маянасын көтөрүү багытындагы өкмөттүн убадасы тууралуу сурашты. “Атамбаев өзү парламентке келип, “бул маселелерди аткара албасам, отставкага кетем” деген. Эгер убадалар аткарылбаса, өкмөт элдин ишеничин актай албагандыгы үчүн кетиши керек”,- дейт К.Ташиев.

 

Карапайым калк саясий маселелерге да кызыкты. Жолугушууларга катышкандардын көпчүлүгү “сиз президенттикке коёсузбу?” деген суроону беришти. “Жакын арада “Ата-Журт” партиясынын съезди болот. Бул маселе ошондо чечилет. Азыр мен катышаарымды же катышпай турганымды так айта албаймын. Бирок, “Ата-Журт” партиясы сөзсүз өз талапкерин алып чыгат, муну мен ишенимдүү айта алам. Биздин партия таптаган талапкер сөзсүз президент болот”,- деди Камчыбек мырза.

 

“Майдан.кg” жазгандай, К.Ташиевдин фракция лидери катары иш сапары Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Кара-Көлдөн башталса, бүгүнтөн баштап Кочкор-Ата, Ноокен, Базар-Коргон, Арстанбап, Көгарт, Октябрск, Кызыл-Туу, Барпы, Сузак,Баткенде уланат.