- Жамин агай, айрым университеттер бириктирилип, беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилмей болуптур. Бул сандан сапатка өтүүдөгү туура эле кадамбы?
- Конституция боюнча президенттин жарлыгын аткарууга биз милдеттүүбүз. Бирок ошондой болсо дагы, жогорку окуу жайларда болуучу орчундуу өзгөртүүлөрдү камтыган бүгүнкү Жарлык боюнча өзүмдүн ойумду айтып коюу мен үчүн парз.
Биринчиден, бул олуттуу "реформалардын" автору Садыр Жапаров эмес, ал тургай, Акылбек Жапаров дагы эмес. Мындай "терең" идеяларды берген жана жарлыктын долбоорун даярлаган “эргул” бул - Өкмөт башчысынын ишенген оң колу, коомдук кеңешчиси жана жердеш акеси, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин мурдагы ректору Төлөбек Камчыбеков. Бекеринен, ал көп жылы башкарып келген Экономикалык университетине “илимий-изилдөө университети” деген атайын даража берилип, ага Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясы жана А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансылык-экономикалык техникуму кошулуп жаткан жок. Ушинтип, бир адамдын жеке кызыкчылыгы бийликти кыянаттык менен пайдалануу аркылуу жүзөгө ашып жатат. Белгилей кетчү нерсе, Т.Камчыбековго окшогон “акылмандар”, кеңешчилер жана жардамчылар бийликтин тамырына терең кулачын жайды. Мындай терс көрүнүштөр жакшылыкка алып келбейт.
Экинчиден, биздин өлкөдө 32 мамлекеттик жогорку окуу жайы бар. Бардыгы эле колунан келишинче аракет кылып жатышат. Анан эмне үчүн ошолордун бешөө гана өзгөчө макам алышы керек? Алар эмне "өз" бала, ал эми калгандары "өгөй" балдарбы? Эгерде биз жогорку окуу жайларында чыныгы атаандаштык болуп, окуу-тарбия иштери жакшырсын десек, анда бардык окуу жайларын бир шартка коюу зарыл. Антпесек, өзгөчө даража алган 5 окуу жайы “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” болот. Анын аягы сөзсүз чыр менен бүтөт.
Үчүнчүдөн, документте жогорку окуу жайларында кеңири орун алган коррупция жөнүндө эч нерсе айтылбаптыр. Сөзсүз ал жөнүндө кенен кеп болуш керек. Антпесек, “жети баштуу желмогуз” же болбосо коррупция ЖОЖдордун түбүнө жетет. Корутундусунда айтайын дегеним, бүгүнкү жарлыктагы аныкталган чаралар жана сунуштар алдын ала жалпы коомчулук менен кеңири талкууланганда туура болмок.
- Кечээ жакында эле ажобуз саясий оюндарды токтотуу керктигин, эми экономиканы жогорулатууга мезгил келгенин эскертти. Президенттин бул сөзүнө ынансак болобу?
- Ынаныш керек. Себеби, карапайым эл саясаттан тажап бүттү. Азыр кептин бардыгы экономикада. Бул жерде өзгөчө айта кете турган маселе - бийлик жалгыз эле салык жана бажы төлөмдөрү менен алек боло бербей, көңүлдүн борборун ата-мекендик өндүрүштүн өсүшүнө буруусу зарыл.
Салыкты эртеден кечке эле көбөйтөбүз деп аракет кыла берсек, анда ишкерлерден таптакыр ажырап калышыбыз мүмкүн. Бул жерде кандайдыр бир акыл өлчөгөн чек керек. Реалдуу экономиканын пайдубалы болуп айыл чарбасы, энергетика, өнөр-жай, транспорт жана кызмат кылуу секторлору эсептелет. Президент “электенүү мезгили келди”- деп какшап айтып жаткан экономика – мына ушул тармактар.
Мисалы, айыл чарбасын алсак, ал өткөн жылдары улуттук кирешенин (ички дүң өндүрүмдүн) 45 пайызын камсыз кылып келген. Азыр болсо бул эң маанилүү көрсөткүч 13 пайызга чейин төмөндөдү. Бул – терең кризис, же болбосо агрардык тармак өлкөгө пайда келтирбей калды дегенди түшүндүрөт. Бул – кечирилгис кемчилик. Анын үстүнө элет жеринде элибиздин 65 пайызы же болбосо үчтөн эки бөлүгү жашайт.
Алардын басымдуу көпчүлүгү мамлекеттен айлык албай, айыл чарбасынын эсебинен оокат кылышат. Демек, бул маанилүү тармактын бутуна турушуна бийлик өзгөчө көңүл бурушу талапка ылайык. Өткөндө өкмөттүн кеңири жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков уялбай туруп президентке “3 жылдан кийин калкыбызды азык-түлүк менен толук камсыз кылабыз”- деп убада бериптир.
Демек, дагы үч жыл биз ачка олтурушубуз керек экен да. Министр айткан азыктар, бул – буудай, өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка, жер-жемиш, жашылча, картошка жана сүт. Бүгүнкү күнгө биз акыркы 3 азык-түлүк менен гана өзүбүздү өзүбүз камсыз кылабыз.
Ал эми калган 6 азыкты сырттан сатып келебиз. Ушул дагы ишпи? Мамлекеттин казынасына кол салып, даяр акчага чет мамлекеттен сапатсыз жана кымбат азык-түлүктү сатып келиш үчүн акылдын дагы, айыл чарба министринин дагы кереги жок. Ал маселени каржы министри эле чечип коёт. Айыл чарба министрлигинин ыйык милдети – жогору айтылган 9 азык-түлүктү өлкөнүн өзүндө өндүрүп, элибизди арзан жана сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылууда турат. Мына ушуну азык-түлүк коопсуздугу деп коёт. Быйылкы жылы Президенттин демилгеси менен айыл чарба тармагына 26 млрд. сом бөлүндү. Мындай өзгөчө өлчөмдөгү каражатты мурда биз алмак тургай көргөн дагы эмеспиз. Жарым жыл өттү, жыйынтык көрүнбөй жатат. Божомолдор боюнча быйыл деле ахвал орчундуу өзгөрбөйт. Мурдагы эле 6 азык-түлүктү сырттан импорт кылып ага бюджеттин акчасын коротобуз.
Ал эми импорт деген бул өзүбүздүн өндүрүшчүлөрүбүзгө, башкача айтканда дыйкандарыбызга жана малчыларыбызга сокку уруу дегенди түшүндүрөт. Айыл чарба министри натыйжалуу иштеп бөлүнгөн мамлекеттик жардамды максаттуу пайдаланса, биз бир-эки жылдын ичинде эле 6,5 млн калкыбызды керектүү тамак-аш менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити