Печать
Категория: Коом
Просмотров: 693

13 жаштагы кыздын милиция кызматкерлери тарабынан алты ай кордолушу коомчулуктун төбө чачын тик тургузду. Бул окуя коомдун жарасынын ириңин жаргандай болду, биз баарыбыз жашообузда педофилизм чар тарабыбыздан курчап калганын түшүндүк. Балдарды чоңойтуу, аларды психикасы бүтүн, абийири таза бойдон коомго кошуу өтө чоң жоопкерчилик жана өтө кыйын экенин аңдадык.

13 жаштагы кыз бир күн апасынын телефонун көтөрүүгө аргасыз болуп калбаганда бул окуя канчага уланат эле, белгисиз. Атасы Россияда мигрант, апасы өз ден соолугу менен алек болуп, жан аргасын издеп жаткан учурда көзөмөлдөн, коргоодон, камкордуктан куру калган секелек кыз формачан мыкаачылардын жемине айланган.

Былтыр август айында “Дордой” базарында сатуучу “наушник уурдады” деп ойлоп 13 жаштагы кызды базардын күзөтчүсүнө өткөрүп берген. Бир наушник кыздын тагдырынын талкаланышынын башаты болду. Күзөтчү, Ленин райондук ИИБдин эрезеге жетелектер менен иштешүүчү инспектору, Свердлов районунун милиция кызматкери үчөө колдон колго өткөрүп кызды зордукташкан. Эгерде окуяны кимдир бирөөгө айтчу болсо, наушник уурдаганы үчүн кызды абакка кесип жиберээрин айтып коркутушкан. Ошону менен өспүрүм ичиндеги дартын эч кимге айта албай, зордукчулдардын кол жоолугуна айланган. Бул үчөөнө февраль айында дагы бирөө - Бишкектеги кафелердин биринде официант болуп иштеген жаш жигит кошулган. Милиция кызматкерлери кызды өздөрү каалаганча уйпалагандан кийин мындай олжону тааныштары менен да бөлүшүүнү көздөшкөнбү же кызды сыртынан баа бычып, “сатышканбы” - азырынча белгисиз. Ошону менен 22 жаштагы жигиттин зордукчулдар тобуна кошулушу жарым жылга созулган кыйноого чекит койду.

Ал күнү кыз апасынын телефонун көтөрөт, а эртеси кайра өзүнүкүн алат. Апасына бейтааныш номерден кызды маскаралаган билдирүү келип, сырдын учугу ошол аркылуу ачылган. Укук коргоо кызматтарына кайрылып, арыз жазышканы менен жыйынтык болгон эмес. “Бай жыргады, кембагал колго түштү” болуп, милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен качууну көздөшүп, официант жигитке бардык күнөөнү оодарышкан. Ооба, ал жигиттин да күнөөсү тоодой, бирок башка айыптуулар дагы жазадан качып кетпеши керек. Кызды суракка алган укук коргоо кызматкерлери коркутушуп, милиция кызматкерлерин ачыкка чыгарбоону талап кылышкан. 13 жаштагы, эрежеге жете элек кыздан биринчи көрсөтмө ата-энесинин катышуусуз алынганы айтылууда.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов формачан зордукчулдардын кылмышы коомго тарагандан кийин таң калаарлык реакция жасады. “Мындай нерселерди жазбаш, ачыкка чыгарбаш керек. Чыгарган, жазган сайын көбөйө берет” деген “өзгөчөлүү” пикирди карманган Байсаловго ушул жерден жооп берсе болот. Анткени, кыздын ата-энеси дароо эле окуяны коомчулукка ала чуркаган жок. Мыйзамдуу өлкөнүн жарандары катары укук коргоо органдарына кайрылышты, арыз жазышты. Бирок иш өлүү чекиттен жылган эмес. Айыптуулар жазадан кыйгап кетүүнү көздөп жатышканына жана ал аз убакыттан кийин ишке ашаарына көздөрү жеткенден соң гана журналисттерге кайрылышкан. Коомчулукка чыгаруу, жарыялоо менен гана дагы бир 13 жаштагы кыздын укугу тебеленип калышынын алдын алды. Резонанс жаралгандан кийин тийиштүү кызматтар кыбырап, айыптуулар камакка алынып, сот отуруму ишке кирди. Кыздын укугун коргоону бекер өзүнө алган адвокаттар да табылды. Аны учурда “Адилет” укуктук клиникасынын жактоочулары аткарышууда.

Ошол эле учурда 13 жаштагы кыздын талкаланган тагдыры коомдо чоң талкууну жаратып жаткан маалда, Бишкек шаардык соту үрөйдү учурган чечим чыгарды. Жети жыл мурда Сокулук районунда 13 жаштагы майып кызды бир нече адамдан турган топ зордуктаганы аныкталган. Иш сотко өткөн. Бирок арадан жети жыл өткөндөн кийин гана айыптуулар жоопкерчиликке тартылышты. Жоопкерчилик - айыппул. Эки айыпталуучуга сот ар бири кызга моралдык зыяны үчүн 100 миң сомдон төлөшү керек деди дагы, иштин мөөнөтү эскирип калганына байланыштырып, эркиндикке чыгарып жиберди. 7 жыл мурда зордуктоонун курмандыгына айланган кыз учурда 21 жашта. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине кошумча стресстен улам кант диабетине чалдыккан. Секелек кызды зордуктагандарды айыппул менен эркиндикке чыгарган судьянын өзүнүн кыздары жокпу? Өзүнүн кызын зордуктагандарды 200 миң үчүн кечире алат беле? Соттун гумандуулугу мына ушундай учурларда иштейт. 200 миң кыздын төккөн бир тамчы жашына чак келбейт. Чечим чыгарган судьяны кийинчерээк абийири кыйнадыбы же зордукчулдардан иштебей деле бутту кенен сунуп жатканга жетчүдөй акы алдыбы, айтор, дароо өз калоосу менен арызын жазды дагы, куйругун түйдү.

Мындай окуялар арбын. 4 жаштагы кызды зордуктагандардын акталышы, беш жаштагы кызга сексуалдык ыдык көргөзгөндөрдүн жоопкерчиликтен кутулуп кетиши. Ошол эле убакта дагы бир жерде 4 жаштагы кыз көрдү, дагы бир кыз өгөй атасы, дагы бир кыз өз атасы тарабынан зордукталды. 16 жаштагы кыз бейтааныш адам тарабынан зомбулук көрдү. Таң эрте жумушуна баруу үчүн таксиге отурган 28 жаштагы келин айдоочунун ыдыгына кабылды. Карындашын коргоо максатында ок чыгарып, айдоочуну байкоосуздук менен өлтүрүп алган агасы камалды. Зордукчул өлгөндө да артында калган адамдарга азап артынтып кетти.

Мыйзамдын чокусу делген соттор адилетсиз өкүмдөрүн, коопсуздукту камсыздайт деген укук коргоо органдары кайдыгерлигин карманып жатса, кыздардын укугун ким коргойт? Кенедей чагынан зомбулукка кабылган кыздан эркин, өткүр адам өсүп чыга алабы, чыкпаса анда, улуттун эртеңки урпагы кандай болот? Кыз – улуттун келечегин таанытып турат, анын психикалык абалынан, саламаттыгынан, жандүйнөсүнөн келечек муун кандай калыптанаары белгилүү болот. Андыктан, кыздардын кордолушун улуттун келечегинин кордолушу катары кабыл алуу зарыл. Керек болсо ушул улуттук насил, идеология. Акын Майрамкан Абылкасымованын “Кайсы элде жүдөө күтсө зайыпты, Ошол элдин уулуна кой айыпты”, - деген эки сабындагы түшүнүк. Идеологияны издеп, ары урунуп, бери урунуштун деле кереги жок. Кыздарды кол эмес, сөз да тийгис кылып үлпүлдөтүп өстүр, ошого жараша аң сезим дагы, тарбия – таалим дагы калыптанат. Кыздарың бешиктен бели чыга элек жатып, жакынынан да, бейтааныштан да сексуалдык ыдык көрүп, кордолуп жатса туризмиңдин өнүккөнү, экономикаңдын алдыга кеткени, май көл, сүт көл болуп жатып калганың бир тыйын. Бул эми Эдил Байсаловго окшогондордун “зордукталды деген маалыматтарды жаза берсек туристтер бизге келбей коет” деп айтканына жооп.

 

Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити