Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы салык контролунун жүрүшүндө алкоголдук продукциялардын жана тамекилердин ири партиясын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысын аныкташты.
Натыйжада жасалма акциздик маркалар менен жана тиешелүү лицензиясы жок 4 миң 705 бөтөлкө алкоголь, ошондой эле акциздик маркасыз чет өлкөдө өндүрүлгөн 2 миң 970 куту тамеки тартып алынды.
Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү.