Печать
Категория: Коом
Просмотров: 273

Адамдык өз ара алака-мамилелер системасынын алкагында алып караганда, Борбордук Азиялык социумдун менталитетинде, анын ичинде кыргыз калкында да, илгертен бери бири-бирине жанаша, барабар келе жаткан эки көрүнүш бар.

Биринчиси – келип чыккан турмуштук карама-каршылыктуу, көйгөйлүү кырдаалдарда алдыга туруп калган маселелерди авторитардык өкүмдүк менен, күч колдонуп, “ормон опуза”, зордук менен чечүү, жамандыктын (зло) каршылыгына жана чабуулуна “жамандыкка – жамандык”,  “канга – кан”, “кылычка – кылыч” деген өңдүү принцип менен жооп берүү, күчтүн диктатурасына таянуу.

Экинчиси – маселени, проблемалуу түйүндөрдү тынчтык каражаттар, сабырдуу, чыдамкай мүнөз, сылык амалдар менен чечүүгө, жамандык дегенге “таш менен урганды аш менен ур”, “жакшы адамдын ачуусу бар, кеги жок”, “кемчилик сенден - кечирмек менден”, “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” дегендей гумандуу айкөл мамиле-эрежени колдонуу аркылуу утушка жетишүүгө умтулуу. Бул арканды узун таштап, алысты ойлогон гумандуу менталитетке эгедер адамдар жамандыкты жамандык менен, жек көрүүнү жек көрүү менен жое албайсың, “Бирөөгө таш ыргытсаң, ал сага ок атат”, “Сөөмөй менен түртсөң, муштум менен жооп аласың”, “Кылычынан кан тамганды, тилинен бал тамган жеңет” деген сыяктуу ишенимге бекиген. Мына ушундай акыл даанышмандыгынан чыккан адамдык жүрүм-турумдун бир турмуштук мисалын алдыга тартууну ылайык көрөбүз.

Кечээки жакынкы эле заманда Түгөл деген бир тарыхый инсан жашап өткөн. Бүгүн Жумгал жергесинде турмушта реалдуу жашаган ошол тарыхый инсандын наамында “Түгөл-сай” деп аталган жер бар. Түгөлдүн төрт түлүк малы Окторкой, Сандык жайлоолоруна, кең Суусамырга батпай, эсепсиз болуп жайылып жатчу. Күндөрдүн биринде Эр Эшим аттуу бир белгилүү баатыр Талас тараптан көп жигиттерин жиберип, Түгөл байдын миңдеген жылкыларынын бир чоң тобун четинен бөлдүрүп, өзү жакка айдаттырып кетет. Жылкычылары, жигиттери  артынан кууп баралы деп жулунушса, Түгөл: “Кайгырбаңар балдарым, калганын багып жейли, бастырып бириң барба”- деп тыйып коёт. “Топук кылып Түгөл бай, кеткен малга кейибейт, канагаат карын тойгузат, калганы болот деги дейт”.

Эр Эшим жигиттерине айдаттырып кеткен калың малдын артынан суроо салып, эч кимдин келбегенине бир чети таңданып, бир чети тынчсызданат да, акыры, иштин жайын билейин деп Таластан аттанып, жигиттери менен Түгөлдүн айлына келип түшөт. Жайланып олтургандан кийин Эр Эшим жылкы тийип алгандыгы жөнүндөгү чындыкты ачык айтып, эмне үчүн куугун салып, жок сурап, арттан барбагандыгын Түгөлдөн сурайт. Ошондо Түгөл мындай деп жооп берет: “Ой Эр Эшим ханым ай, ой-тоо да менин малым ай, кайсы бирин жоктоймун, кайгыртып азиз жанымды ай, жетишет го өмүргө, калган-каткан дүнүйөм, карышкыр жесе канчасын, кай бирине күйүгөм, сурабай бирөө мал алса, каткырып күлүп сүйүнөм, мейман келсе куштаймын, берекелүү үйүмдөн”.

Түгөл Эр Эшимге “дүнүйө, көр оокат жерге кирсин, керек болсо малымдан дагы алыңыз”- дегенде, Эшим ичинен катуу уялып, байдын айкөл даанышмандыгын баамдайт. Андан ары окуя мындайча уланат: Түгөл сегиз канат ак бозүйдө Эр Эшимди төгүлүп-чачылып коноктойт. Болгон сыйын көрсөтүп, анан бул аз келгенсип, акырында өтүнүч боюнча өзүнүн эң жакшы көргөн, баалаган, айланага атагы чыккан даңктту күлүгү Шарп Куланы Эшим баатырга тартуулайт. Мейманга күлүгүн мингизип, акырын Таласка узатып коет.

Эр Эшим Түгөлгө ичинен терең ыраазы болуп, катуу ойлонгон бойдон жерине кайтат. Түгөл бай эл-жерибизди душмандардан коргоп жүргөн Эшим баатырга Шарп Куланы суратпай мурда эле берсем болмок экен, “ат эми ээсин тапты” деп, жайкалган сакалын дембе-дем сылап, айлында кала берет.        

Мал-мүлктөн, көр дүнүйө-байлыктан жогору тура билип, дүйнөгө, жашоого кеңири көз караш менен караган Түгөл байдын жоомарттыгы, кең пейилдүүлүгү, жан дүйнөсүнүн, акыл-оюнун философиялык кенендиги бизди суктандырбай койбойт. Түгөлдүн “Таш менен урганды аш менен ур”- деген элдик даанышмандыкты карманып, ортодо болчу кандуу кагылышууну болтурбай, Эр Эшимди күч колдонбогон жакшылык мамиле менен багындырганы жана тарбия бергени өзүнчө бир улуу сабак. Тоголок Молдо “Эр Эшим, Түгөлдүн байлыгы” чыгармасында дегеле меймандос, кең пейил кыргыз калкынын элдик мүнөзүнө тиешелүү келген айкөлдүк касиетти, катуулукту жумшактык менен жеңген кылдаттыкты Түгөлдүн адеп-ахлак үлгүсү аркылуу өзгөчө басым коюп даңазалаган. 

Түгөлдүн гуманисттик сабагы бүгүнкү карама-каршылыкка, тирешүүлөргө толгон жер-жүзү үчүн, адамдардын өз ара мамилелери үчүн табылгыс нравалык өрнөк десек жаңылышпаган болор элек. Дүйнөдө тынчтыкты адамдар арасында гармонияны орнотуунун  бир амалын мына ушул Жумгалдык байыркы Түгөл байдын даанышман жүрүм-турум өрнөгүнөн издөө туура болуп жүрбөсүн?

Калыгул Бай уулу элдин гуманисттик рух маданиятындагы жамандыкты жакшылык менен жеңүүнүн жогорудагыдай улуу наркын уланткан инсан болгон. Акылман инсан катары Калыгул киши баласынын жаратылышы зилинде мээримге муктаж экендигин, мээрим төгүп мамиле жасагандан улам анын ичиндеги муз эрип, ич дүйнөсү жумшарып, көңүлүнө жаз келип, жүрөгү жибий баштарын, а түгүл адам эмес, жыланды да ташка албастан сылык-сыпаа мамиле жасап, ак чачса, чакпай акырын жылып жолуна түшөрүн, турмушта кылыч кармаган катаалдыкка, орой өкүмдүккө, төбөгө камчы ойноткон залимдикке караганда, колунда «куралы жок» жанагындай рух жоомарттыгы алда канча артык экендигин терең туюнган. Калыгул мына ушундай гуманисттик ынанымын, көз караштык дөөлөтүн Ормон хандын алдында төмөндөгүдөй деп жарыялап турат:

Орой айтсаң адамга жукпайт,

Орой сөздү киши укпайт,

Сылык-сыпаа сөз жетет,

Ал мээге эмес, жүлүнгө кетет.

Түшүндүрүп жай айтсаң,

Уялып, ыраазы болуп кетет.

Түшүнгөн адамга бул жерде ийкемдүү гуманисттик курал менен таасир кылып, кишини ич жактан оң жака козголтуунун бүтүндөй бир программасы берилген. Олуя Калыгулдун ишениминде оройлукту назиктик, сылыктык, ачууну токтоолук, сабырдуулук, жек көрүүнү мээрим менен сүйүү жеңет.

Калыгулдун мындай назик этикасына Ала-Букадан чыккан улуу акын Нурмолдо Наркул уулунун адеп-ахлак идеясы да үндөш.Акындынжан дүйнөсү, акыл-эси, философиясы анын чыгармаларынан күзгүдөн көрүнгөндөй көрүнөрү ырас болсо, анда мындай мыйзамченемдүүлүк Нурмолдонун чыгармачылыгына да тиешелүү. Акындын поэзия ааламына үңүлө караганда, Нурмолдонун кишинин дегеле, жер үстүндөгү өзү өңдүү пенделерге болгон мамилеси, алар менен алака-катышы, диалогу жөнүндө, анын ой-чуңкуру тууралуу көбүрөөк акыл жүгүртүп, толгонгондугу көрүнөөгө чыгып турат. Бул чөйрөдө да таш ыргытсаң, кайра таш аласың, Тескерисинче “Аш берсең – аш аласың”, “Бөлтүрүгүн уурдасаң, бөрү да өч алат”, “Баарлашкан – билгенге жакшы”, “Бирөөгө жамандык салганың – өзүңдү бутуңан чалганың”, “Ышкырышса – ынтымак качат, ызаатташса көңүлдү ачат”, “Өрдөк жеген каз байлайт”,- деп насыяттайт Нурмолдо, өзүнүн нускоо ырларында. Тирешкенден баарлашкан артык. Баарлашуу азыркыча айтканда, диалог – мынакей эң керектүү инструмент. Окуучу-шакирти Токмолдо өзүнүн акын-педагог устаты Нурмолдо жөнүндө мындай деп эскерет: “Жооп кайтара албай калсак, унчукпай тим койчу. Ушунун өзү башка чапкандай тиер эле. Беттен албачу, такыбачу, урушпачу. Ушинткен сайын биз окууга кызыгабыз”. Нурмолдонун мына ушундай башкаларга окшобогон педагогикалык жүрүм-туруму, балдарды өз жайына эркин койгон кенендиги, инсандык маданияты үчүн шакирттери аны терең урматтаган. Кийин атынан айтышпай Нуракебиз деп эскеришкен. Нурмолдо өзүнүн чыгармаларында “жамандар орой көңүлгө, так саларын ойлончу”, “сен – деген сенек сөз, сиз – деген сылык сөз”, “оң келбейсиң адамга, орой болуш жаман да!”- деп сылык-сыпаа этиканын зарылдыгын үгүттөп жүрүп, бу дүйнөдөн өткөн. Зордукту, оройлукту өз-ара мамилелердин эрежеси катары кабыл албагандыгы жагынан айтылуу кеменгер Сарт Аке да Нурмолдого ишенимдеш. “Мансабың, зоболоң жогору болсо да, бирөөгө зор болбо,зордук-зомбулук кылба. Анын акыры залал, убал. Көмүр алоолонуп күйбөсө да, көөлөгөнгө жарайт. Зордук-зобулуктун түбү-көө.  Адамдын шагын сындырып, өзүңө душман кылба. Адамды жек көрүү эч качан жакшылыкка алып барбайт. Жек көрүүнүн акыры касташууга, душмандыкка жеткирет. Адам өзүнө душман издебесе, кекчил болбосун, кечиримдүү болсун. Элдеги: “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген макалдын өзөгү ушунда. “Жакшылык айланып кайра келет” деген кеп бекеринен эмес”- деп насыяттаган Сарт Аке (Иманов А. Мойт Аке, Сарт Аке, Тилекмат чечен.-Каракол-2009, 91-бет). Нурмолдо менен Сарт аке “Калоосун тапса кар күйөт”,  “Жылуу сүйлөсө жылан ийнинен чыгат”,  “Атты камчы менен эмес, жем менен айда”, “Жакшы сөз таш эритет, жаман сөз баш чиритет”, “Жакшы сөз – суу, жаман сөз – уу” деген эл макалдарынын нускоолору менен жашашкан.

19-кылымдын экинчи жарымында жана 20-кылымдын башында Теңир-Тоодо жашап өткөн тарыхый инсан, элдик даанышман Байзак Тооке уулу жогорудагы Түгөлдүн, Калыгулдун, Нурмолдонун гуманисттик адеп-ахлак философиясынын нугунда ойлонгон жана ошол нуктагы реалдуу жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөндүгүн айтып өтөлү.   Кезегинде атактуу акын Калмырза «Эрегишкен тууганды, эп кылган Байзак аманбы?» деп, Байзакка кайрылыптыр. Чынында эле, Байзак табиятынан тубаса дипломат, инсан аралык өз ара мамилелерде, жекече алакаларда абыдан кылдат, токтоо, сабырдуу боло билген, майдачылыктан өйдө көтөрүлүп, маселеге жогортон серп салып, кенен ойлонуп, туюк­тан жол таба билген айлакер инсан болгон. Иштин артын, келечекти ойлоп, бирөөнүн өзүнө каршы жасаган жоруктарына кечирим менен карап, айкөл чечимдерди кабыл ала билген. Буга Балыкчыдагы Шабдан катышкан чоң топко баратканда Байзактын жигиттеринин атын жыгып алып, Байзактын өзүн ызалап, тентектик кылган Көкүмбай менен Курманга жасаган мамилеси күбө. Балыкчыда чоң жыйын башталганда жаш манаптар Көкүмбай менен Курманды кектебей, Шабданга, жалпы журтка белгилүү кадыр-баркына таянып, аларды чоң топко салып, өч албай, кайра тескерисинче, эки тентекти ошол чоң топко бирин чыбык кыркарга, экинчисин катчылыкка шайлаттырып, көтөрмөлөгөндүгү көпчүлүктү таң калтырган. «Жакшылыкка жакшылык ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык эр кишинин иши» деген ушул эмеспи. Көкүмбай менен Курман Байзактын мындай айкөлдүгүнө ооздору ачылып, жасаган жоруктарына катуу уялышып, андан кийин Байзакты дайыма урматташып, өмүр бою сыйлап жүрүшкөн. Байзактын жүрүм-турумунда мындай мисалдар арбын. Турмуштук көйгөйлүү  түйүндөрдү, өз ара мамилелердеги карама-каршылыктуу, проблемалуу кырдаалдарды сылык амалдар, тынчтык каражаттар менен жайгаштыра жана чече билген аярлыгын, айлана-чөйрөгө, жамаатка таалим-тарбия боло турган адамдык айырмалуу касиетин, айкөлдүгүн көрүп-билип ынангандыгынан улам атактуу Куйручук Байзакты “Кара-Ойдогу карк алтын,бүт кыргызга баркы алтын” деп мүнөздөгөн.

Жүрүп келе жаткан кептин нугунда кайрадан КалыгулБай уулуна кайрылалы. Акын-философ Ормон ханга дагы мындай деп кеңешин берет: «Көп казакка аттанба, казактын малын аласың, как талаада каласың». Бул накылдын ичинде бирөөгө ак жеринен тийишип, азапка калтырсаң, анын кезеги айланып кайра өзүңө келет, кыянаттык кыянаттыкты жаратат, казактын малын алып туйтунсаң, анын ичинде кек калат, мунун айынан араздашуу, душмандашуу көбөйөт, зордуктун түбү – кордук деген акыл кенчи уютулган. «Көп кыйнаба кулуңду, угуп жүргүн мунумду, кезек келип калбасын, кегин кокус албасын. Күркүрөгөн Каранар, күчү пилге барабар, кара чымын таласа, талаага баспай тартынаар»-дейт Калыгул, Ормон ханга айткан дагы бир насаатында. Даанышмандын ишарасынан туюлуп тургандай, пендеге күч менен ыдык көрсөтүп кыйноо, коркутуп сесин алуу жолу менен аны тарбиялап оң жолго сала албайсың, кайра анын каршылыгын күчөтөсүң, күркүрөп күчкө таянган «Каранардын» зордугу жамандыкты кара чымындай көбөйтөөр. «Каранардын» өзү кайра «кара чымындын» - жамандыктын талоонунда калаар. Мына ушундай ишениминен улам Калыгул тарыхта белгилүү Ормон хандын өлүмүнөн улам келип чыккан кыргыздын эки чоң уруусунун ортосундагы жаңжалды тынчтык жол менен, жарашуунун, жакшылыктын жолу менен чечүүнү сунуштап, көп аракет кылган. Бирок тилекке каршы кара күчтүн «канга - кан» деген эрежеден кайтпай туруп алганы жамандыкты, азап-тозокту Калыгул айткандай, кара чымындай көбөйткөнү бизге белгилүү.  «Жакшы болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн, таза болсоң суудай бол, жаманды жууп кетирген»- Калыгулдун бул сөздөрү жогорудагыдай айкөл этиканын жашашы үчүн жердей чыдамкай, ноюбас калбаат, көтөрүмдүү, жаман ниеттерди суудай таза пейил менен агарткан асыл касиеттин зарылдыгын каңкуулайт. Жамандыкка кечиримдүүлүк алсыздыктын белгиси эмес, тескерисинче, рух кубаттулугунун жана акыл-эс саламатчылыгынын айгинеси.

Кыргыздын гуманисттик этикалык акыл-эсининин тереңдиги жана аярлыгы кээде ушунчалык, ал адамдар мамилелеринин кылдат жактарын гана эмес, айбандардын дүйнөсүн да жер тыңшаар Маамыттай тыңшап турат. Бул жагынан Ысык-Көлдүк айтылуу Мойт Акенин караңкыны көзөп өтүп, түпкүрдү жарык кылгандай көрөгөч, көсөм сөзүн, адамгерчиликке сугарылган ажайып рухий парасатын алдыга жайбай өттү мүмкүн эмес. Мойт Акени тыңшайлы: “Саяпкери жарашса, күлүккө канат бүткөндөй болот. Мыкты саяпкер күлүктүн табын гана билбестен, күлүктүн көөнүн да табат. Анын эч жерине керт кетирбестен, ичи-тышына кир жугузбастан, күлүк менен кадимкидей баарлашып, кирпигин, жүнүн, туягын, жал-куйругун карап, ысык-суук аралатпай, алдан-күчтөн тайгылтпай, сылап-сыйпап, астейдил барктап-баптап асырайт. Өз тарабынан күлүк да муну сезет, туят. Жылкы жаныбар акылдуу эмеспи. Мына ушунун өзү күлүк менен саяпкердин сүйлөшүүсү болот, өз ара көңүл табышкан саяпкер менен күлүк бири-биринин шагын сындырбайт. Саяпкердин зоболосун көтөрүп, табына келген күлүк көкүлүн желге сапырып, эл көзүнө көрүнүп, көрктүү кенен арыш таштайт. Эгерим, кандайдыр бир себеп менен күлүктүн шамы күйбөй, бактысы ачылбай, мөөрөй алып бере албай калган шартта да, анын шагын сындырбоо керек. Демейде адам муну байкабаганы менен, жылкы жаныбар ээси менен кабарлашып турат. Ошондуктан жылкыны эч качан башка чаппоо керек. Өзгөчө күлүктү башка чапса, анын касиети кайтат, көңүлү сууйт. Ээсине таарынган күлүк, кандай табы келип турса да, чечилип тер төгүп чуркабай коюшу мүмкүн”. Мойт Акенин бул сөздөрү эмне деген укмуш сөздөр, не деген акыл керемети! Көрсө, күлүктү күлүк кылган нерсе, ага берилген жем-чөп, толтура тоют эмес, саяпкердин аёолуу адамгерчилиги,  сылап-сыйпаган сылык мамилеси экен. Жарыктык жылкыны күлүк кылган саяпкердин мээрими экен. Бул өзүнчө эле бир ачылышка тете сөз го. Айбанаттын сырын, жан дүйнөсүн түшүнгөн адам асылдыгы. Мойт Акенин бул алтындай акыл асылкечтиги кыргыз рухунун гуманизминин тереңдерди жиреп өсүп отургандыгынын дагы бир улук көрүнүшү.

Кыргызда “бирөөнө урмат-сый тартууласаң, өзүң да урмат-сый көрөсүң” деген  илгертен келе жаткан накыл бар. Ушул накылдын уркун улаган улуу ойлорду, идеяларды жана реалдуу жүрүм-турум өрнөктөрүн жогоруда көрдүк. 

Мойт Акенин азыркы сөзүн эске алып айтсак, жан дүйнөдөн нур төккөн мээрим жана акыл айласы менен жылкыны гана эмес, адам баласын да “күлүк” кылып гүлдөтүп, мөөрөй алууга болот. Күн сыяктуу чачырап тийсең, каршыңдагы пенде гүл сыяктуу бажырайып ачылат. Жылуу сөз, назик мамиле, кечиримдүү алака камчы менен качырган катаалдыкка, оройлукка, осолдукка – альтернатива. Катууну жумшак менен алуу, жамандыкты жакшылык менен жеңүү ак калпак калктын менталитетинин  ак жаркын жагын айгинелеген асылбаа касиет.

Жыйынтыктап айтканда, өйдөтөгү Түгөлдүн, Калыгулдун, Нурмолдонун, Байзактын, Мойт Акенин этикалык гуманисттик даанышмандыгы Лев Толстой менен Махатма Ганди сыяктуу дүйнөлүк улуу ойчулдардын карышкырга каршы карышкырдын методу менен күрөшүү – акырындап отуруп адамдын өзүнүн карышкырга айланышына алып келе тургандыгы, жамандыкты кара күч менен эмес, балта, мылтык, пушка, түрмө, кылыч менен эмес, сылык, жумшак, назик, гумандуу амалдар менен, жакшылык менен жеңүү  жөнүндөгү айтылуу моралдык философиясы менен түздөн-түз үндөшүп турат. Бүгүнкү күндө жер бетине үгүттөлүп жаткан «зордуксуздук философиясын» (философия ненасилия), «зордук-зомбулуксуз дүйнөнү түзүү» аттуу глобалдык тынчтык кыймылын эске алсак, мындай дүйнөлүк деңгээлдеги нравалык философия биздин жергиликтүү улуттук кыртышыбызда да узактан бери жашап келаткандыгы сыймыктуу.

Советбек Байгазиев, Булак: “Майдан. kg” гезити