КРнын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Тарбия, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгы өзүнүн демилгелери менен жагымдуу иш чараларды тартуулоону улантууда!
Маселен, 20-июлда да N21- мекеменин аймагында Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов райондору боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин калкты ишке орноштуруу борборлорунун өкүлдөрү менен биргеликте «Кесиптик жумуш орундарынын жана кесиптердин жарманкеси» болуп өттү.
Иш-чара КРнын Өкмөтүнүн 2018-жылдын октябрындагы токтому менен бекитилген КРнын пенитенциардык (жаза-аткаруу) тутумун өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга Стратегиясынын Жол картасынын 26-пунктун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
Мекеменин клубундагы жолугушуунун максаты - иш менен камсыз кылуу кызматтары тууралуу маалымат берүү, соттолгондорду ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жана түзөтүү мекемелеринен бошогондон кийин алардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын өкүлү белгилегендей, жарандар бошотулгандан кийин мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылууга жана акысыз кызмат алууга укуктуу.
Каттоодон өткөндөн кийин соттолгон төмөнкү кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ:
- эгерде анын кесиби жок болсо, алардын кызыгуусун жана жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн кесиптик тестирлөөдөн өтүүгө;
- жеткиликтүү бош орундарды изилдөө жана жумуш табуу;
- ишке орноштуруу кызматы курстарга жана айына 360 сом өлчөмүндө стипендия төлөп, 50 кесип боюнча окутуу жүргүзүлүп жаткан учурда жаңы кесипке ээ болууга же квалификациясын жогорулатууга;
- акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга, негизинен көрктөндүрүү жана алдын ала кесиптик даярдыкты талап кылбаган башка иштерге катышууга.
- иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылганга чейин акыркы 3 жылда 12 айдан кем эмес Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна үзгүлтүксүз төлөмдөр болгон учурда жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга.
СИЗО-1де өткөн иш-чаранын жүрүшүндө борбор калаанын төрт району жалпысынан 1871 бош орундарды көрсөтүштү!
ЖАКнын тарбия иштер боюнча башкармалыгынын начальниги и/к полковниги Бердикожоев Н.Э. каттоо соттолгондун жашаган жери же турган жери боюнча жүргүзүлөрүн кошумчалады. Бошонгондон кийин ал аймактык ишке орноштуруу борборлоруна төмөндөгүлөрдү көрсөтүү менен өзү келиши керек:
1) паспорттор;
2) эмгек китепчеси же анын дубликаты;
3) анын кесиптик квалификациясын тастыктаган документтер.
Нурдин Эмилбекович ошондой эле мындан ары мындай бош орундардын жарманкелери ЖАКнын бардык мекемелеринде системалуу түрдө өткөрүлө турганын белгиледи.