Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Төртүнчү консультативдик жолугушуусуна катышууга келди. Жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, түркмөн президентин "Ысык-Көл" абамайданынан Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери келген.