Печать
Категория: Коом
Просмотров: 274

Калп айткан менен болобу, акыркы кезде ички иштер органдарында чеке жылытарлык жакшы иштер көп эле болду. Буга ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун апта башындагы маалымат жыйынында берген отчету дагы далил боло алат.

Ошол эле кезде ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграция каршы аракеттенүү боюнча кызматында да иш кызуу жүрө баштаганын белгилеп кетүү зарыл. Буга бир чети, кызматка жетекчи болуп келген Жеңиш Жоробековдун таланты да себеп болуп жатканын айта кетсек ашыкча болбос. Буга чейин бир топ жетекчилик кызматтарда иштеп, ийгилик жараткан. Ошол тажрыйбасын колдонуп, Ж.Жоробеков азыр да элге үзүрлүү кызмат кылууда. Биз баарын тизмектеп олтурбайлы, соңку гана бир ишин баяндап кетели...

Жакында эле Ж.Жоробеков жетектеген ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграция каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлерине “Нелегал-Трафик” рейдинин жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү, ошондой эле эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүгү тууралуу маалыматтар келип түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Россия Федерациясынын жараны үч жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөндүгү аныкталган. Андан сырткары, чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында Россия Федерациясынын аймагында бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бул жаран эл аралык издөөдө жүргөндүгү маалым болгон.

Атайын иш-чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарындагы спорт комплекстеринин биринин фитнес инструктору, Россия Федерациясынын жараны -1998-жылы туулган Я.Н. кармалды.

Колго түшкөн Я.Н. өз сөзүндө 2019-жылы өз мекенинде бир катар оор кылмыштарды жасап, андан соң укук коргоо органдарынан жашырынып, Кыргыз Республикасынын аймагына келгендигин түшүндүргөн.

2022-жылдын 13-июль күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган жаран Бишкек шаарында  №1 тергөө абагына 1 айга камакка алынды. Учурда кармалган жаранды өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси каралып жатат.

Ошентип, биздин мекенибизди байырлаган дагы бир кылмышкер колго түштү. Мындай жарандарды өз убагында кармабаса, бизде да дагы кандай кылмыштарды жасамак, белгисиз!

Булак: “Майдан. kg” гезити