40 жаштагы эркектин 5 жашар кызга ыплас мамиле жасагандыгын ички иштер органдары билдирди. Маалыматка ылайык, 14-июлда Ала-Бука райондук милициясына 32 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Арызда 13-июлда болжол менен саат 16:00дө беш жашар кызын жашы 35-40тер чамасындагы белгисиз жаран үйүнүн жанындагы дүкөндөн балмуздак жана шириндиктерди алып берип, жакын жерде жайгашкан бакка ээрчитип, ыплас аракеттерди жасаганын жазган.
Аталган арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында Ала-Бука районунун 40 жаштагы К.Н., аттуу тургуну тергөөгө камсыздалып, суракка алынган жана ага карата шектүү катары кабарлама берилген.
Шектүү Ала-Бука райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Тилекке каршы акыркы мезгилдерде жаш балдарга, өзгөчө кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн улуу жаштагы эркектер көбөйүүдө. Бул коомубуздун моралдык жактан бузулуп жаткандыгынын белгисиби же биздин мыйзамдар ушуга окшогон аңгилик ыплас иштерди жасагандарга өтө эле жеңилби?
Булак: “Майдан. kg” гезити