Печать
Категория: Коом
Просмотров: 96

Кыргызстанда мугалимдер сентябрдан баштап окуучуларды PISA стандарты боюнча окута баштайт. Учурда мугалимдерди “PISA- 2025 изилдөөсүнө катышуу – Кыргызстандагы жалпы билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жолу” аттуу жайкы мектепте окутуулар башталды.

Бул окуулар 17-27-июль күндөрү өтүүдө.

Жайкы мектеп Кыргызстанда алдыдагы “PISA-2025” эл аралык изилдөөсүнө катышууга байланыштуу иштерди уюштуруу жана өткөрүү максатында уюштурулган.

Министр А.Бейшеналиевдин айтымына караганда, окуу жүктөмдөрүн азайтып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, маалыматтык технологияларга басым жасоо, билим берүүнү заманбап стандарттарына шайкеш келтирүү үчүн, мугалимдерди PISA стандарттары боюнча окутуулар башталды. Алар сентябрдан баштап окуучуларды ушул стандарттарга ылайык окутуп башташат.  

Сабактар Кыргызстанда жалпы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында эл аралык PISA изилдөөсүнүн тажрыйбасынын негизинде билим берүүнүн натыйжаларын калыптандыруу жана баалоо методологиясын жана негизги ыкмаларын өздөштүрүү максатын көздөйт.

Бардык катышуучулар функционалдык сабаттуулуктун алты багыты боюнча билим алат. Жалпысынан 10 күндүн ичинде эки агымда 180 адам окутулат.

Канткен менен мугалимдердин маянасынын түшкө кирбегендей көтөрүлүшү аларга стимул гана бербестен, жоопкерчиликти да талап кылууда. Ошондой эле жаңы окуу жылынан тартып баардык мектеп директорлору конкурс аркылуу тандалып алынмакчы.

Булак: “Майдан. kg” гезити