Ырчы Анжелика Кайратова соцтармактагы баракчасына Назира Айтбековага жана "Фейсбуктун акылдуулары" деп тергеген кимдир бирөөлөргө жооп жазды. Жакында Назира Айтбекова соцтармактагы баракчасына сүрөт жүктөгөндөн кийин Анжелика аны "энелик статусуна" татыктуу болууга чакырган. А Айтбекова "эркектердин капчыгын кагып алган айрым жылдыздар жамына салып кеңеш айта башташаарын" белгилеген. Буга жооп дагы көп күттүргөн жок.
"Менин атымды ачык айта албай «жакында жоолук салынып алып, ыймандуу болуп жаткан динчилдер» - дебей, ачык кайрылгыла! Коркпогула!
Менден өткөн элине күйгөн кыргыз кызы жок деп айта алам! Мен өзүмдү дал ушундай ойлойм! Мен элим үчүн эмнеге даяр экенимди Аллах дүйнө жүзүнө сыноо бергенде эле көрсөтүп койгом! Силер, жылаңач баатырлар, Назира, Канышай дагы ким? Каякта элеңер ошондо?! Фейсбуктагы акылдуу сынчылар?! Силерчи?! Динге асылбай, иш алып бара бергиле!" - деп жазды ырчы.
Ал ошондой эле, төртүнчү наристесин күтүп жатканын билдирди.