- 2024-жылга чейин Кичи жана Улуу Памирдин аймагынан 1,5 миң этникалык кыргызды (400 үй-бүлө) Ооганстандан алып келүү пландалууда. Бул туура кадамбы же чекиликпи?
- Бул маселенин эки жагы бар. Көчүрүп келген жакшы, аларды эл катары сактап, өзүбүзгө кошуп алабыз. Бирок аларды көчүрүп келсек кылымдардан бери Кыргыз жери болгон жерден айрылып калабыз, ал жер оңой жер эмес, тажиктердин жеринин 30% ын түзөт.
Ошондуктан бул жерди бекер калтырбай биздин бийлик Ооганстан, Тажикстан менен жакшылап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек!
Оганстандан Тажикстанга жер алып берип, Тажикстан менен жер алмашып чек ара маселесин өмүр боюу жер алмашуу, сүйлөшүү жолу менен чечип алсак болот.
Эгер бийлик мындай жол менен азыркы күнү чечалбаса, аларга шарт түзүп берип жерди сактап калышыбыз керек! Заман жакшырганча, Рохмон Каримовдой болуп кеткенче, анан сүйлөшүүнү улантыш жеңил болот. Кыргыз айткандай, “элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” дегендей көп өзгөрүүлөр болот. Россия, Украина согушу, Ооганстанда согуш башталса Орто Азия өзгөрүлөт (Кара Калпак маселеси),, көп өлкөлөр кошулат, бөлүнөт, жаңы өлкөлөр пайда болот.
Булак: “Майдан. kg” гезити