- 2024-жылга чейин Кичи жана Улуу Памирдин аймагынан 1,5 миң этникалык кыргызды (400 үй-бүлө) Ооганстандан алып келүү пландалууда. Бул туура кадамбы же чекиликпи?
- Сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Эл аралык укуктун талабы боюнча, Ооганстанда жашаган этникалык кыргыз туугандарыбыз “Кыргызстанга келебиз” десе ага эч ким каршы боло албайт. Анткени ал алардын укугу.
Биздин бийлик башындагылар, алардын өтүнүчүн карап көрүп, тийиштүү чечим чыгарса ага да эч ким каршы болууга укугу жок. Себеби, маселе кыргыздар жөнүндө болуп жатат.
Менин жеке пикирим боюнча, Ооганстандагы этникалык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүүдөн мурда биздин Өкмөт эки жагдайдын плюс, минусун жакшылап жеринде ошол Памирлик кыргыздар менен биргеликте изилдеп, анан бир чечимге келгени түпкүлүгүндө туура болот.
Биринчиси памирлик кыргыздар эмне себептен Кыргызстанга көчкөнү жатышат? Маселе эмнеде? Маселе Ооганстандагы азыркы убактылуу түзүлгөн саясый- экономикалык кыйынчылыкта элеби? Же кыргыздардын улутуна, салтына, тилине, маданиятына байланыштуу башка кодулоо барбы? Эгерде маселе таза экономикалык, социалдык - маданий маселелерге байланса, Кыргыз Өкмөтү Ооганстандын бийлиги менен түз сүйлөшүп, Памирлик кыргыздарга экономикалык, социалдык түз гумманитарлык жардамды жеринде берип, мектеп, оорукана жана башкаларын куруп берип маселени чечкени оң. Менин оюмча Ооганстандын жаңы бийлиги тарабынан этникалык памирлик кыргыздарга карата кодулоо жок. Кыргыздар деле мусулмандар! Жакынкы 5-6 жылда Ооган жеринде тынчтык болсо, экономикасы оңолуу жолуна түшөт. Убактылуу кыйынчылык үчүн ата бабалары жашап, туулуп өскөн жерди таштатып көчүрүп кетүү туура эмес. Азырынча Кыргызстанда деле алар келери менен аларды жыргатчу жыргал жашоо жок! Жүз миңдеген кыргыздар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө иш издеп жүрүшөт. Памирлик кыргыздарга гумманитардык жардам берип, жаштарын Кыргызстанга алып келип, бюджеттик каражат менен бекер окутуп, кайра Памирге туулуп өскөн жерине жиберип, бир туугандык мамилени көбөйтүү керек. Алардын Памирде, Ооган мамлекетинде өз жеринде турганы стратегиялык жактан да Кыргызстандын тышкы саясатына оң таасирин тийгизет.
Экинчиси, памирлик 1,5 мин кыргызды же 400 үй-бүлөнү Кыргызстанга кайсыл жерге көчүрөт, аларга кандай шарттар түзүлөт? Мамлекеттен кандай жардамдар, жеңилдиктер берилет? Ушул маселе да Памирлик кыргыздар менен жеринде ачык-айкын, ийне жибине чейин сүйлөшүлүп, бышырылып чечилгени оң. Болбосо Кыргызстанда дагы бир көп проблемалуу Баткенди, же жок эле дегенде, “катаал шарттуу, бийик тоолуу” калктуу конушту жаратабыз! Жаңы көчүп келген элде, турмуштук, климаттык, салттык, маданий ар кандай проблемалар көп чыгат! Ошого биздин Өкмөт дагы, Кыргызстанга келүүнү каалашкан Памирлик кыргыздар да даяр болушу маселенин чечилишине оң таасирин берет.
Булак: “Майдан. kg” гезити