Жер казынасын иштеткендер компаниялардын баарынын лицензияларына аудит жүргүзүлүп, лицензиялык келишимдерди аткаруу ишке аша баштады. Мында, ченемдик укуктук база кайрадан каралат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, 2022-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда 2398 лицензия жарактуу. Анын ичинен 398 алтын кенине, 531 суу ресурстарына, 57 мунай жана газга, 107 металлга, 401 көмүргө жана 904 кен эмес жерлерге берилген.
Ошондой эле, Жер казынасы тууралуу кодекс иштелип жатат. Сентябрда мыйзамдын жаңы редакциясы кароого жиберилет. Анда буга чейин жер казынасын пайдалануу жаатындагы боштуктар толтуруп, көптөгөн өзгөрүүлөр киргизилген.