Кооперативдерге алданган жарандардын акчасы камакка алынган мүлк аркылуу кайтарылат. Бул тууралуу ИИМ министри Уланбек Ниязбеков журналисттер менен жолугушууда билдирди.
«Ихсан», «S-LINE» кооперативине көп жарандар алданып калды. Эки кооперативдин жетекчилеринин мүлктөрү, эсептери жана кооперативдин эсептери соттун чечими менен камакка алынган. Соттун чечими менен жабырлануучулардын баарына ошол эсептен акча кайтарылып берилет», — деди Ниязбеков.
13-июлда «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин төрайымы кармалып, келтирилген зыяндын көлөмү 121 миллион сомдон ашык суммага бааланган.
Ага чейин, 15-мартта «S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчиси катары таанымал Бакыт Аалиев ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга шектелип кармалган.