Печать
Категория: Коом
Просмотров: 907

Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Балыкчы шаарындагы үч эмдүү болгон үй-бүлөгө президенттин атынан батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Маалыматка караганда, белекке берилген батир Балыкчы шаарынын борборунда жайгашып, борбордук коммуникацияга туташтырылган. Батир оңдолуп, тиричилик техникалары жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдар менен камсыздалган.

Ошондой эле аталган үй-бүлөгө белек катары жеңил унаа жана 150 миң да берилди.

"КР президенти социалдык камсыздоо тармагына өзгөчө көңүл бурат. Өткөн жылдын октябрынан тартып жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган калктын ар кандай категориялары үчүн жөлөкпулдун өлчөмү үч жолу көтөрүлдү. Социалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Мамлекет муктаж болгон жарандардын көйгөйлөрүн мындан ары да кылдат жана сапаттуу чечүүгө ниеттенүүдө", - деди министр Базарбаев.

Канат Абдылдаев менен Айбарчын Бегалиевдин үч эм ата-энеси өздөрүнүн турак жайы жана жумушу жок жана Тоң райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турушат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министирлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы республика боюнча 150 миңден ашык бала төрөлгөн, 2022-жылдын 6 айында өлкөдө 98 536 бала төрөлгөн, алардын ичинен 15и үч эм.