Печать
Категория: Коом
Просмотров: 85

18-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун 88 жаңы учуру катталган. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү Республикалык штабы билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинде 72 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылган, 2 адамдан өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда, 8 учур сырттан келгендерден (Корея, Литва, Венгрия), 6 адам ооруга чалдыккандар менен байланышкандар арасында аныкталган.

Ал эми аймактар боюнча, Бишкек шаарында – 81, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 6 жаңы учур катталган.

Бүгүнкү күндө амбулатордук дарыланууда - 75 адам болсо, ооруканада жаткандардын саны 13тү түзөт.

2022-жылдын 18-июлуна карата тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык бардык облустар жашыл аймакта турат.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан коронавирустун 201 миң 704 учуру катталган. 2022-жылдын 6 ай 17 күнүндө COVID-19дун 16 миң 956 учуру катталган, анын ичинде 14 миң 962 (88,2%) лабораториялык жана 1 миң 994 (11,8%) клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.