1-августтан тартып милиция кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта милициянын бардык кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөөрүн белгиледи.
Бирок айлык канча эсеге жогорулай турганы так айтыла элек.