Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт жаатындагы негизги инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси бекиди. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын Беларусиянын Витебеск шаарында болуп өткөн кезектеги жыйынында белгилүү болду. Жыйынга вразиялык экономикалык комиссиянын башчысы Адылбек Касымалиев төрагалык кылууда.
Долбоорлор тизмесине Кыргызстандын сунушу менен "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу" жана "Лугавая-Балыкчы" темир жолун электрификациялоо" долбоорлору кирди.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталары күтүлөт.