Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Чолпон-Ата шаарындагы кырсык боюнча маалымат берди.
Анда айтылгандай, бүгүн, 17-июль күнү саат 07:00 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунда Бишкек шаарынын тургуну Т.М. «Киа Рио» унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, унаасынын рулуна ээ боло албай, жолдун каршы тилкесине чыгып, Кара-Ой айылында жайгашкан ЖКККБнын административдик имаратынын жанында токтоп турган «Равон Нексия» кызматтык унааларын сүзгөн. Анын кесепетинен ЖКККББнын 3 кызматкери жеңил жаракат алып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына кайрылышкан.
Жол кырсык Ысык-Көл РИИБде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды жана тергөө иштери жүрүүдө.
«Киа Рио» унаасынын айдоочусу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №26 мекемесинин жетекчисинин орун басары экени, унааны мас абалда башкарганы аныкталган.
Маалымат булактары билдиргендей, ички иштер органдарынын подполковниги Тукешов Максатбек Смаилович жөнүндө ссөз болуп жатат.
Ал эми ЖКККББнын кызматкерлери түнкү нөөмөттөн жаңы эле кайтып келишкен болчу.