2022-жылдын 14-июлунда КР УКМК тарабынан жогорку окуу жайынын дипломун мыйзамсыз даярдоо жана сатууга тиешеси бар деп шектелген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Кармалган Кыргыз Республикасынын О.А.Т. жана Б.С.М. аттуу жарандары үч миң АКШ доллары акча каражатына Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Москва ишкердик жана укук институтунун филиалынын  жогорку билими тууралуу дипломун жаран Л.А. атына жасап беришкен.

Бул адамдар дипломду берип, акча каражатын алып жаткан учурда кармалышты.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.