«Алматы-Тамчы-Алматы» багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. SCAT авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарып жатат. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык абамайданынан билдиришти.
Буга чейин айтылуу авиакомпания Алматыдан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна каттамдарды дүйшөмбү жана жума күндөрү гана аткарып келген.