Печать
Категория: Коом
Просмотров: 77

Бүгүн, 15-июлда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кореянын Кемён университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар медициналык билим берүү тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууга Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Сыдыков жана ушул элек окуу жайдын Эл аралык байланыштар департаментинин жетекчичи Бакыт Келдибеков катышты.

Жолугушууда Кыргыз улуттук университети менен кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында Кемён университети Кыргызстанга Донгсан медициналык борборунун 7 дарыгерин жибергени белгилүү болду.

"Бул дарыгерлер тубаса жүрөк кемтиги, тубаса сол жак эрин жана таңдай жырыгы сыяктуу патологиялык оорулары бар балдарды жана аялдарды текшеришти", - деп айтылат маалыматта.

Кызматташтыктын алкагында Кыргызстандын оор дартка чалдыккан10 жаранын Түштүк Кореяга дарыланууга жиберүү пландалып жатканы айтылды.

Университеттердин ооруканаларына чоң маани берилет. Июнь айында өкмөт эки оорукананы ЖОЖдорго өткөрүп берди. Ош мамлекеттик университетине Ош шаардык ооруканасын, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Саламаттык сактоо министрлигинин балансындагы Улуттук онкология жана гематология борбору менен Республикалык диагностикалык борбору берилди”, - деди министр.

Алмазбек Бейшеналиев министрликтин түзүмүндө биринчи жолу медициналык билим берүү маселелерин координациялай турган дарыгер - кардиохирург, эл аралык сыйлыктардын лауреаты, профессор Талантбек Батыралиев иштей турганын билдирди.

Эл аралык кызматташуу департаментинин директору Сон Дэ Гу кызматташууга, билим берүү программаларына көмөк көрсөтүүгө, адистерди даярдоону жакшыртууга даяр экенин билдирди.