2022-жылдын июль айында «Ташкент-Бишкек-Ташкент» багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарып жатат.
Бул тууралуу "Манас" эл аралык абамайданынан билдиришти.
Эске салсак, бул убакытка чейин Ташкент шаарынан Бишкекке авиакаттамдар жумасына 2 жолу гана аткарылып келген.