Печать
Категория: Коом
Просмотров: 147

Билим берүү тармагы кирешелүү тармак, бул жагынан ал бир гана туризмди алдына чыгарат. Мындай пикирин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди. 

"Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттердин жарымы коңшу өлкөлөрдөн: Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан келишкен. Калгандары Индия, Пакистан жана Бангладештин жарандары. Алардын көбү медициналык окуу жайларында окуп жатышат. Алар төлөгөн контракттын эсебинен мамлекеттин казынасына 250 миллион доллар түшөт. Андан тышкары алар виза үчүн да төлөшөт. Бул жакта батир ижарага алып жашашат, тамак-аш алышат. Алар короткон акча бизде калат, өлкөнүн экономикасына салым кошулат. Ошондуктан, муну баалашыбыз керек", - деди министр. 

Ошондой эле, министр чет өлкөлүк студенттерге окуу акысын жок дегенде 3 миң долларга кымбаттатуу сунушу жолдонгонун белгиледи. Учурда Кыргызстанда 20 миңден ашуун чет өлкөлүк студенттер бар.