Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

18-июлдан баштап жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 

Министрлик бекиткен  абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигине ылайык:

- I тур - 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

- II тур - 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

- III тур - 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

- IV туру - 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

- V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.

Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер окуу жайда билим ала турганын тастыкташы керек. Эгерде бош орундар калган болсо, 22-23-24-августта окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери жарыяланат.