Печать
Категория: Коом
Просмотров: 146

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Дөө-Чыңгыз" каймана аттуу Жумагулов Чыңгыз кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 15-июлунда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан кылмыш чөйрөсүндө «Дөө Чынгыз» деген каймана ат менен белгилүү, мурда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жумагулов Чыңгыз Адашканович кармалып, КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Ал  кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча  кармалган.

"Буга байланыштуу Ч.Жумагуловдун мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен жарандар УКМКнын органдарына 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз", - деп билдирет УКМК.