Бүгүн, 14-июлда министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өрт өчүрүүчүлөрдүн катышуусунда өрттүн алдын алуу үчүн пландан тышкаркы атайын окутуу борбор калаабыздагы “Ош” базарында өттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, машыгууда Ленин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №6 өрткө каршы бөлүгүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучулары сценарий боюнча “өрт чыкты” делген базардын борбордук бөлүгүнө унаа менен киришти. Базар ичине кыйынчылык менен кирген унаа соодагерлердин тоскоолдуктарынан улам өрт чыккан соода түйүнүнө 37 мүнөт дегенде араң жетти.

Тактикалык машыгууну өткөрүүнүн негизги максаты – базардагы бири-бирине тыгыз жайгашкан соода түйүндөрүн алдырып, тоскоолдуктарды жоюп, өрт өчүрүүчү унаанын кирүүсүнө жол ачуу. Себеби, өтө жыш жайгашкан базарларда башкы көйгөй унаага жол табуу болуп саналат.

Бул тууралуу Ленин райондук ӨКБнүн башчысы өз пикирин төмөндөгүчө билдирди

“Өрт чыккан мезгилде ар бир мүнөттөр саналуу. Базар ичинде чыккан өрттүн очогуна 10 мүнөткө жеттүү керек болсо, 30-40 мүнөттө араң кирдик. Бул мүнөттөр материалдык эле эмес, адам тагдырын чече турган убакыт Борбордогу базарлардын көбүндө соодагерлер жыш жайгашып, ушул көйгөй жаралган”, - деди Ленин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынин милдетин убактылуу аткаруучу Нурлан Шарипов.

Машыгуунун жүрүшүндө соодагерлерге унаа өтүүчү жолду кеңейтүү, продуктыларын чектен ашып жайып албоону эскертишти.