10-июлда Жумгал районунун Миң-Куш айылынын административдик аймагында жайгашкан "Ак-Улак" көмүн кенинен жасалма документтерди колдонуу менен көмүр казып ташуу менен алектенген К.Ж.С., М.у.А. жана Т.у.М. аттуу КР жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул  КР УКМК тарабынан прокуратура органдары менен биргеликте, ички иштер органдарынын катышуусу менен аткарылган.  

Жыйынтыгында, 150 тонна көлөмүндөгү көмүр ташып чыгып бараткан жеринен 5 оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочулары С.С.С., К.Н.А., К.И.М., И.Н.И. жана А.у.К. кармалган.

Учурда тийиштүү ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.