Печать
Категория: Коом
Просмотров: 199

"Өткөн жылы Конституция өзгөртүлдү, Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлдү. Эми саясий оюндардын убагы бүттү, жакынкы жылдарда бийлик экономиканы көтөрүү багытында иштейт", - деди Садыр Жапаров. 

Эске салсак, бүгүн, 14-июлда "Ала-Арча" резиденциясында Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин жыйыны өтүп жатат. 

 

 "Өлкө ИДПсынын 6,3 пайызга өсүшү экономиканын көрсөткүчүнүн жакшырып баштаганын билдирет. Өлкөнүн бюджети 133 миллиард 486 миллион сомду түздү. Салыктардын түшүшү - 104,5 миллиард, салык эмес төлөмдөр - 25,3 миллиард. Бюджеттин кирешеси коррупция жана контрабанда менен күрөштүн эсебинен түзүлдү. "Крыша" деген түшүнүк түп орду менен жоюлушуна бардык зарыл чараларды көрүп жатабыз. Эгер кимдир бирөөнү "крышевать" этсеңиз, сизге карата бардык катаал чаралар көрүлөт, мурдагы эмгектериңиз дагы эске алынбайт. Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар. Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет.

Ушул жерде отурган бардык жетекчилердин кулагына күмүш сырга: биз кабыл алынган чечимдердын бардыгы сиздердин колдон жалпыланып, анан кабыл алынат. Алар элдин жакшы жашоосуна да, түйшүккө малынышына да түрткү болот.

Ошондуктан жакшылап терең ойлонулган чечимдердин болушу негизги шарт. Жети өлчөп, бир кесип анан кабыл алалы. Биз бул жакка эл үчүн иштөөгө келгенбиз", - деди мамлекет башчы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө кайрылып.