Мыйзамдуу салыгын төлөгөн ак ниеттүү ишкерлерди колдоого алуу - мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Бишкектеги курулуш компаниялардын жетекчилери менен болгон жолугушуусунда билдирди.
"Иштей бериңиздер. Мыйзамдан чыкпастан, салык төлөгүлө дагы, иштей бергиле. "Кормушка" кылып алган шаардык кызматтар бар, аны билебиз. Алар - жерди бөлүп бергендер, курулушка, туташтырууга уруксат бергендер. Булар боюнча кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, бизге бергиле, чара көрөбүз. Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевдин мамлекеттик кызматтарга "ишкерлерге тоскоол болбой, жардам бергиле", - деген талап койгон", - деди Камчыбек Ташиев.
Эске салсак, Бишкек шаарындагы курулуш компаниялары Камчыбек Ташиевге курулуш объектилерине техникалык шарттарды берүү жана аларды туташтыруу тартиби жөнүндө жобо 3 жылдан бери түйшүккө салып келатканын айтып, кайрылышкан.