Чачка табигый дары чөптөрдөн маска жасап, баштын терисин азыктандырып туруу пайдалуу. Эмесе карыганда чачың суюлуп же тас болуп калышың мүмкүн...
Табигый чач боёктор: бүлдүркөн, бөрү карагат, эндик, сары чай чөп (зверобой), жаңгактын көгү. Төмөнкү рецептер кыска чач үчүн берилди. Аны каалагандай кылып көлөмүн көбөйтүп жасоого болот жана чачты боёп жатканда резина кол кап кийгенди унутпаңыз.
1) Бүлдүркөндүн же бөрү карагаттын таза бышкан мөмөсүн эзип, аны чыпкалап, ага бир аз эндиктин тамырынын кырындысын кошсоңуз болот. Же эндиги жок эле чачыңызга сүйкөп, башыңызды таңып, анан жарым саат убакыттан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Бул маска чачыңызга табигый өң берет.
2) Сары чай чөптөн (кургатылган) 2 аш кашык алып 600 мл сууга кайнатып, сүзүп алып, анан башыңызды жууганда аркасынан чайкап койсоңуз, ал кызгылт өң берип, чачыңыз жалтырай түшөт.
3) Жаңгактын 7 даана көгүн бөлүктөргө бөлүп, ага 800 мл суу куюп коюңуз. Бир күндөн кийин суунун өңү кара түскө өтө баштайт. Ошондо сүзүп алып, чачыңызга сүйкөп, бир аз убакыттан кийин башыңызды жылуу суу менен чайкап салыңыз. Бул сиздин чачыңызга каралжын түс бере алат.
Жаңгактын көгүнөн чоочуп кетүүнүн кереги жок. Себеби жаңгактын көгүндө йод болгондуктан, аны менен тишиңизди сүртүп жүрсөңүз, ал тишиңизди агартат.
Бул менин жеке рецептерим, буларды мен жашоодо колдонуп көргөнмүн. Ошондой эле баштын терисин айран же жумуртканын сарысы менен да маал - маалы менен массаж жасап жууган пайдалуу.
Бактыгүл Кадырова