Печать
Категория: Коом
Просмотров: 158

Таласта дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон бериле баштады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Абдымалик соцтармактагы баракчасына жазды.

"50 миң сом алгың келсе, дарыгер кызга үйлөн!

Быйыл облус башчысы Бакытбек Нарбеков, облустун тарыхында биринчи жолу Талас облусунда жайгашкан 37 айыл өкмөттүн ар бирине өзү барып элге отчёт берген эле.

Элдик жыйындарда Бакытбек Нарбеков, дарыгерлердин жетишсиздигин чечүүнүн жолдорун айтып жатып : “Эгерде ким врач кызга үйлөнсө, анда 50 миң сом сүйүнчүсүн берем” деп убадалаган.

Бүгүн айткан сөзүнө туруп Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургундары жаш жубайлар Чынгыз Айдаралиев менен врач-невролог Назгүл Жолдубай кызынын баш кошкондугуна байланыштуу 50 миң сом сүйүнчү сертификатын тапшырды.

Андыктан, 50 миң сүйүнчү алгысы келген бойдок жигиттер дарыгер кыздарга үйлөнүүгө аракет кылыңыздар!" - деп жазды.