Печать
Категория: Коом
Просмотров: 160

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде болгону 490 сомго ПЧР-тест тапшырууга болот

Бүгүнтөн тарта бир ПЧР-тесттин баасы төмөндөтүлдү жана азырынча Оорулардын алдын алуу департаментинде гана тапшырылат.

Мурда баасы 788 сом болгон.

Ошондой эле эскерте кетсек, COVID-19га акысыз ПЧР анализ тапшыруу социалдык статусуна карата акысыз медициналык-санитардык жардам алуу укугу бар категориядагы жарандарга тийиштүү:

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
- Баткен окуяларынын катышуучуларына;

-Эмгектин ардагерлерине;
- 70 жаштан жогору улгайгандарга;
 - «Баатыр эне» орденинин ээлерине;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга - көрүүсү, угуусу боюнча 1, 2-топтун майыптарына;
- 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга;
- АИВ/СПИД менен жашаган адамдарга;
- 6 жашка чейинки балдарга;
- жетим балдарга;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына.

Иш убактысы:

*анализди кабыл алуу күн сайын саат 8.30 - 15.00 чейин.;
*жыйынтыктарды берүү ошол эле күнү саат 18.00- 21.00 чейин.