Печать
Категория: Коом
Просмотров: 173

Белгилүү кардиохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Калдарбек Абдраманов жабык псхиатриялык ооруканаларды курууну сунуштады. 

"СССРдин убагындагыдай жабык типтеги психиатриялык ооруканаларды курууга убакыт келип жетти. Аны куруп психикалык жактан оорукчан адамдарды коомчулуктан бөлүү системасын киргизүү зарыл. Болбосо адамдардын аң сезиминде, жүрүм-турумунда жана аракетинде өтө көп жаман ниеттер пайда болду. Коркунуч бул оорукчан адамдарды аныктап, дарылап жана коомчулуктан бөлө албаганыбызда эмес, коркунуч - алар саясатта, маданиятта, динде жана башка жактарда жүргөнүндө, алардын адекватсыз билдирүүлөрүн ММКлар жайылтып, а аракеттерин адамдар колдоого алып жатышканында, а бул өсүү тенденциясын жаратат. Адамдар кайсы жерде чындык, а кайсы жерде оорулуу ой жүгүртүү экенин түшүнбөй калышты. Бул өтө коркунучтуу тенденция.

Мамлекет адамдардын психикасын дарылоону жана коомчулуктун аң сезимин жакшыртууну колго алышы керек", - деп жазды Калдарбек Абдраманов.