2022-жылдын 24-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери тарабынан 1500 АКШ долларын опузалап 14 000 (он төрт миң) сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен И.Ы.А. аттуу УКМК Коррупцияга каршы кызматынын жалган кызматкери кармалганы коомчулука жарыяланган.
Аталган жаран КР ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Атайын кызмат бул жарандан жабыркаган атуулдарды УКМКнын Жалал-Абад облустук Башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө +996 3722 5 60 49 номери аркылуу кайрылууга чакырат.