Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1036

Чет өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге Сириядан келген  террорчуларды кармаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу УКМК маалымат таратты.

Эске салсак, УКМКнын кызматкерлери 7-июлда террористтик топту кармаган. Алар 9-июлда Бишкекте Курман айт намазы учурунда теракт жасоого даярдык көрүп жатышканы аныкталган. Алардын экөө Сириядан жасалма паспорт менен келген чет өлкөлүк жарандар болсо, дагы бир нечеси аларга жардам берген кыргызстандыктар болуп чыгышкан. 

Террордук уюмдун кармалган мүчөлөрү чет мамлекеттердин атайын кызматтары тарабынан бир катар террордук актылары үчүн узак убакыт бою издөөдө жүргөн.