Печать
Категория: Коом
Просмотров: 682

Акыркы эки жылда тоо-кен тармагында иштөө мүмкүн болбой калды. Буга байланыштуу бул жааттын өкүлдөрүнүн арыздануулары да көбөйдү. Мындай кырдаалга Эл аралык ишкерлер кеңеши тынчсызданып баштады.

Тизмектей келгенде маселе өтө көп топтолду: кен өндүрүү рыногун монополиялаштыруу тобокелчилигинен баштап ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болгон Мамлекеттик геологиянын макамына чейин.

 “Инвесторлор мамлекеттик саясаттын ыраатсыздыгы жана башка маселелер тоо-кен өндүрүшүнүн мындан ары төмөндөшүнө алып келет деп кооптонуп жатышат. Баса белгилей кетчү нерсе, бул тармак төлөгөн салык  мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 20 пайызына тете. Ошондой эле, 20 миң түз, андан бир нече эсе көп кыйыр жумуш орундарын түзөт, болгондо дагы өлкөнүн алыскы жана тоолуу аймактарында”, - деди Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков.

Рынокту монополиялаштыруу - инвесторлорду качырат

Тоо-кен тармагынын өкүлдөрүнүн тынчсыздануусун ишканалардын болбоду дегенде 30 пайыз үлүшүн мамлекетке милдеттүү түрдө өткөрүү боюнча норма жаратты. Жер казынасы тууралуу мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөргө жакында мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Аскар Сыдыковдун айтымында, норма жаңы объектилерге колдонулат.

“Бирок ушул эле нерсе тармактын инвестициялык климатын кыйла начарлатат жана потенциалдуу инвесторлорду качырат. Бул ишканалардан 30 пайыздык үлүштү мамлекет кандай шартта алаары белгисиз”, - дейт А.Сыдыков.

Аткаминерлер үлүштү алгандан кийин ал ишканаларга мамлекет эмнени инвестициялай турганын так түшүндүрүп бере алышкан жок. Салыктан бошотулушабы, уставдык капиталга салым кошобу же техника беришеби? Же бул жөн гана мамлекетке үлүштү берип коюу менен чектелип, ага кайтарым катары эч кандай аракет көрүлбөйбү? Андай болсо бул ак ниет инвесторлорду кызыктырышы күмөн. Министрлер Кабинетинин бул боюнча так жана түшүнүктүү билдирүүсүнүн жоктугу коомчулукта жана маалымат каражаттарында ар кандай божомолдордун пайда болуусун шарттады.

Мамлекеттик ишканаларга артыкчылык берүү - атаандаштыкты жок кылат

2021-жылдан  тартып Кыргызстанда мамлекеттик ишканаларга кендерге сынаксыз жана аукционсуз лиценция берүү боюнча норма иштеп жатат. Бизнес бул лицензия берилген объектилерди натыйжасыз колдонууга, мамлекеттик бюджетке каражаттын аз түшүүсүнө жана коррупциялык тобокелчиликтерге алып келет деп эсептейт.

 “Бардык жерде атаандаштык болушу керек. Мамлекеттин милдети – тоо-кен тармагына мамлекеттик башкарууну киргизүү эмес, пайдалуу кендерди казып алууну көбөйтүү”, - дейт Аскар Сыдыков.

Ал белгилегендей, пайдалуу кендерди казып алууну көбөйтүүгө басым жасоо менен гана экономиканы өстүрүүгө, бюджетти толтурууга жана башка өнүгүү кадамдарын жасоого шарт түзүлөт.

Ал эми бийлик дагы бир жаңы идеяны сунуштады. Ал – кен өндүрүү жаатындагы мамлекеттик ишканаларды жер казынасын пайдалануу үчүн берилген лицензияны сактап калуу үчүн төлөнчү жыйымдардан жана бонустардан бошотуу.

Ушул нерсе мамлекеттик ишканалардын натыйжалуу иштешине стимул болуп бере алабы? Анын үстүнө бул демилге атаандаштык боюнча мыйзамга жана атаандаштыктын негиздерине каршы келип жатпайбы.

Мында да мамлекеттик компанияларга артыкчылык

Тоо-кен тармагынын өкүлдөрү туш келген дагы бир маселе, бул – лабораториялык изилдөөлөрдү монополиялаштыруу боюнча системалуу иштер. Кеп баалуу металлдардын рудаларынын жана концентраттарынын үлгүлөрүн текшерүү жана анализдөө жөнүндө болуп жатат. Бул текшерүүлөрдүн жана анализдердин бардыгын мамлекеттик лаборатория гана жүргүзүшү керек деген токтом долбоору талкууга чыгарылган.

Учурда мындай бир нече лабораториялар, анын арасында дүйнөлүк абройго жана ишмердүүлүктүн стандарттарына ээ болгон компаниялар дагы бар.

Эксперттер “атаандаштык жок болсо, рудаларды жана концентраттарды анализдөөнүн сапаты ылдыйлайт, анализди чыгаруу кечеңдей баштайт” деп эскертишүүдө. Аны менен катар анализ жүргүзүүдө наркы жана коррупциялык тобокелчиликтер жогорулайт, анткени, альтернативкалык негизде кайрыла турган башка жак жок.

Ошону менен бирге баалуу металлдарды жеткирүү рыногун дагы монополиялаштыруу сунушталып жатат. Мында дагы бул кызмат мамлекеттик ишкана аркылуу гана – “Атайын байланыш кызматы” тарабынан жүргүзүлөөрү каралууда.

Түшүнүксүз себептерге байланыштуу баалуу металдардын рудаларын жана концентраттарын кайра иштетүү үчүн өлкөнүн аймагынан тышкары чыгарууга чектөө коюлган.

“Чектөө чараларын жокко чыгаруу керек, анткени, бул өндүрүшкө терс таасирин берет. Өндүрүштүк чынжырча үзүлүшүнө, көлөмдүн жана ага ылайык, салыктык төлөмдөрдүн азайышына алып келиши мүмкүн”, - деп белгиледи Аскар Сыдыков.

Министрлер Кабинетинин демилгеси бир гана бизнеске терс таасирин тийгизбейт. Эгер мамлекет жогоруда айтылган функциялардын баарын өзүнө алса, анда ага ылайык, чыгым дагы көбөйөт. Андан тышкары, тармактын инвесторлор үчүн жагымдуулугу жоголот. Коррупциялык тобокелчилик көбөйүп, геологиялык жана тоо-кен иштеринин сапаты ылдыйлап, экологиялык жана техникалык коопсуздук стандарттары бузулушу ыктымал.

Бюрократия жана аракетсиздик

Жогоруда айтылгандар менен катар тармакта дагы да башка маселелер топтолду, алар ыкчам чечимдерди талап кылат. Биринчи кезекте бул бийликтин тоо-кен жаатындагы саясатынын түшүнүксүз жана ырааттуу болбой жаткандыгы.

Компаниялар мыйзамдан эмнени күтүшөөрүн билбей калышты. Мисалга алсак, Тоо – кен кодекси бир жылдан бери талкууланып жатат. Бирок ушул убакка чейин ал кандай болот, качан жана кандай шартта кабыл алынат белгисиз. Кээде айрым нормалар бири бирине кайчы келип жатат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макамы боюнча да суроолор көп. Учурда Мамлекеттик геологиянын статусу Жаратылыш ресурстары министрлигинин алдындагы департаменттин деңгээлине түшүрүлдү. Анан калса башкармалыктын өзүндө карама-каршылыктуу багыттар - айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарбасы, геология, тоо-кен иштери жана мурдагы мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын бир нече көзөмөл функциялары бириктирилген.

“Бир министрликке өндүрүштү да, экологияны да бириктирип койгон мындай практика дүйнөдө болбосо керек. Биз мындай мисалдарды таба албадык”, - дейт Аскар Сыдыков.

Ошондуктан, бул орган бизнестен көптөгөн даттанууларды жана нааразычылыктарды алып жатканы таң калыштуу эмес. Бир жылдан ашуун убакыттан бери мекемедеги бюрократия жана аракетсиздикке нааразы кайрылуулар жасалып жатат.

“Экономиканын приоритеттүү тармактарынын бири болгон тоо-кен тармагына туруктуу жана адекваттуу ишти орнотууга убакыт келип жетти. Жер казынасын пайдалануудагы брюрократия иштиктүү процесстерди, тоо-кен иштеринин планын кароону, тийиштүү экспертизалардын дайындалышын, уруксат берүүчү документтердин берилишин артка тартып жатат. Кырдаалды өзгөртүү үчүн бардык лицензиялык – уруксат берүүчү процедураларды оптимизациялоо жана бардык процесстерди санариптештирүү керек. Ишкерлердин, ишканалардын жана мамлекеттик кызматтардын байланышын максималдуу түрдө азайтуу үчүн документтерди онлайн режиминде электрондук форматта берүүгө өтүү зарыл”, - деди Аскар Сыдыков.

Инвесторлорду тартуунун жолу - адекваттуу система

Акыркы жылдары жер казынасын пайдалануу жаатына салык төлөмдөрү дагы кыйла өстү. Ооба, дүйнөлүк практикада бул тармак чындыгында чоң өлчөмдө салык төлөйт. Бирок тармактын ишмердүүлүгүн кирешелүү кылууда ак ниет инвесторлорду качырбаш үчүн система дагы адекваттуу болушу керек.

2020-жылдан тартып өлкөдө роялти өлчөмү, баалуу металлдардын рудаларын жана концентраттарын экспорттогон алтын өндүрүүчү ишканалардын киреше салыгынын ставкалары жогорулаган. Лицензияны сактоо үчүн жыйымдар ставкасы жүз эсе көбөйдү. Жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн төлөнчү төлөм миң эсе көтөрүлдү. Бул ставкаларды ылдыйлатуу боюнча токтом долбоору макулдашуудан өткөнү менен дагы деле кабыл алына элек. Ал эми бизнес маселе оң жагына чечилээрине үмүт артып турат.

Учурда мамлекеттик органдар тоо-кен тармагына салыкты көбөйтө турган сунушту карап жатат.

“Биз жана мамлекет кайсы жол менен кетээрибизди так аныктап алышыбыз керек. Рынок экономикасын алдыга жылдыруу, же өнүккөн өлкөлөрдөй – мамлекеттин экономикага минималдуу кийгилишүүсү аркылуу болушу керек. Же дүйнөлүк практикада өзүнүн ыраатсыздыгын далилдеген административдик-командалык, пландаштыруу системасын карманышат. Азырынча биз тоо-кен тармагынан эле эмес, башка да көптөгөн чечимдерден экинчи багыттын белгилерин көрүп жатабыз”, - деди Аскар Сыдыков.