Бүгүн, 13-июлда, Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырууга байланыштуу салтанаттуу иш чара өтөт. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, иш чара УТРКнын, республикалык телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат. Түз эфир болжол менен 18:00до башталат.