Ырчы соцтармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылып, көчөт кыздардын тагдырын талкалаган "паразиттерден" коом арылуусу керектигин белгиледи.
"Акыркы учурда соцтармактарда 13 жаштагы карындашыбыздын зордук-зомбулукка кабыл болгону айтылып жатат. Кылмышкерлер сөзсүз түрдө толук жазасын алып, жоопкерчиликке тартылышын биз укук коргоо органдардан, бийликтен талап кылышыбыз керек. Карындашыбыздын үй-бүлөсү өтө начар абалда экен. Атасы жакында эле миграциядан келиптир, апасы оорукчан экен. Азык-түлүк дагы жетишсиз абалда жашашат. Ошондуктан, моралдык, материалдык жактан да, дары-дармек, азык-түлүктөн болобу, жардам берели.
Мындай зомбулукка кайдыгер карабайлы, алдыда башка болбосун, Кудай сактасын. Ал үчүн баарыбыз биригип жол бербешибиз керек. Мындай окуяларды канчалык көп эскертип, резонанс кылсак, бийлик тараптан чечкиндүү аракеттер болсо, кайталанбайт. Айтылбаса зомбулукка барган педофилдер өз ишин уланта беришет.
Кыргыз эли - улуу элбиз. "Паразиттерден" арылуубуз керек", - деди Мирбек Атабеков.