2022-жылдын 10-июль күнү, саат 18:00 чамаларында КР ӨКМнин ыкчам нөөмөтү тарабынан Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнө тактоо иретинде, Жети-Өгүз районуна караштуу “Жууку” капчыгайынын башындагы “Жууку” ашуусунда мөңгү көчкөндүгү тууралуу маалымат берилген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя 2022-жылдын 8-июлунда болгон.
ӨКМнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жерине 10-июль күнү кечки саат 19:00 чамаларында 5 адамдан турган райондук ыкчам топ Жети-Өгүз району боюнча ӨКБдөн 2 офицер, райондун жайыт комитетинен 3 адам тактоо иштерин жүргүзүп, 11-июлда саат 10:00 чамаларында кайра кайтып келишкен.
Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жана каза тапкандар катталган жок. Бирок, мөңгү көчкөн учурду тасмага жана сүрөткө тарткан туристтердин бири бутунан жеӊил жаракат алып, ошол эле күнү “Кумтөр” ишканасынын дарыгерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн.
Аймакка барган Ыкчам топтун маалыматына ылайык, көчкөн мөңгүнүн болжолдуу көлөмү 2 млн 011миң 500 м3 түзөт.
Түшкөн мөңгүнүн кесепетинен аталган тилкедеги мал айдап өтүүчү 1көпүрө жараксыз абалга келген. Аталган тилкеден мал айдап өтүүгө жол ачык.