Печать
Категория: Коом
Просмотров: 220

Кыргызстанга киргенде COVID-19га ПЧР-тест талап кылынбайт. Эскерте кетсек, бул боюнча КР ССМ, КР УКМК МЧК, КР ТжКМ, КР ТИМ, КР ММСЖСМ жана «Манас» Эл аралык аэропортунун биргелешкен буйругу 1-майда күчүнө кирген.

Ага ылайык, КР жарандары жана чет өлкөлүктөр Кыргызстан менен чек арадан терс ПЧР-тестти жана COVID-19га каршы эмдөө тууралуу сертификатты милдеттүү түрдө көрсөтпөстөн өтө алышат.
 
Бирок ПЦР- тестти тапшырганы тууралуу маалым кат сиз барууну пландап жаткан өлкө тарабынан талап кылынышы мүмкүн. Ошондуктан чет мамлекеттердин кирүү/чыгуу эрежелери менен таанышуу маанилүү. ПЧР-тест зарыл болгон учурда, аны милдеттүү түрдө аэропортко тапшыруу талап кылынбайт. Сиз мындай кызматтарды көрсөткөн жеке жана мамлекеттик каалаган лабораториядан текшериле аласыз.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.