Өлкөбүз экономикалык жактан жаңыдан өнүгүүнүн, телчигүүнүн жолунда баратканда, сыртта иштеп жүргөн мекендештерибиз түйшүгүбүздү жеңилдетип, оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алып атканы - бүгүнкү күндүн чындыгы.
Тилекке каршы, Россияда иштеп жүргөн он миңдеген кыргызстандыктар ар кандай мыйзам бузуулары үчүн «кара тизмеге» киргизилип, аларга Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган эле. Россия өкмөтү менен расмий кыргыз тараптын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында 47 миңдей кыргыз жараны «кара тизмеден» чыгарылып, кайрадан Россияда жашап, иштөөгө уруксат берилди. Бул Кыргызстандагы 47 миңдей үй-бүлө кайрадан киреше булактарына ээ болушту, турмуштун белгисиздик абалынан чыгууга мүмкүндүк алышты дегенди билдирет.
Эми «кара тизмеде» дагы 35 миңге жакын мекендешибиз калды. Алар дагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде тизмеден чыгарылат деп ишенип туралы. Өз кезегинде Россиянын аймагындагы ар кандай майда барат административдик мыйзам бузууларга баргандыгы, уруштарга катышкандыктары, документациялык талаптарды аткарбагандыктары үчүн «кара тизмеге» кирген мекендештерибиз мындан сабак алып, мындан ары мыйзамсыз жорук-жосундардан алыс жүрсө, тартип, талаптарды сакташса дейбиз.
Булак: “Майдан. kg” гезити