Печать
Категория: Коом
Просмотров: 144

Өлкөбүзгө инвестиция тартуу үчүн ар кандай аракеттер, демилгелер болуп келет. Бул  бир чети мыйзам ченемдүү. Анткени, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүндө инвестициялык салымдардын орду чоң экени түшүнүктүү.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары улуттук экономикага 500 миң доллар инвестиция салган чет өлкөнүн жарандарына жарандык берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылышты. Ага ылайык, эгерде чет өлкөнүн жараны, Кыргызстандын аймагында бизнес ачса, банктагы эсепке акча которсо, инвестициялык долбоорлорго акча каражатын салса, коммерциялык ишканалардан акция сатып алса, же башка жумуш орундарын түзүү, экономиканы көтөрүүгө багытталган финансылык иш-аракеттерди жүргүзсө, ага КР жарандыгы берилет. Ал өлкөбүзгө өзүнүн ишмердигине жараша эркин кирип, чыга алат. Ал үчүн инвесторго мамлекеттик же расмий тилди билүүнүн кажети жок. Финансылык жана материалдык башка талаптар коюлуп, аларды аткарууга тийиш болот.

Улуттук экономиканын кызыкчылыгынан алып караганда, мыйзам долбоору колдоого аларлык. Жаңы жумуш орундары түзүлүп, жаңы киреше булактары пайда болуп, салыктык кирешелердин көлөмү артса жаманбы? Мында болгону тийешелүү кызматтар коопсуздук маселелерин көз жаздымда калтырбай, инвестор болуп аткан чет өлкө жарандары мамлекеттүүлүккө, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө коркунуч туудурбагыдай болсун.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити