“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук компаниянын президенти Тенгиз Бөлтүрүктүн айткандарына ишенсек, “Кумтөр” ишканасы быйылкы жылы 17,3 тонна алтын өндүрүүнү пландап атат. Өткөн жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын казылып алынган.
Эгерде 2022-жылы 17 тоннадан ашык алтын казылса, бул көрсөткүч азбы, көппү деген суроо туулат. Кумтөр кени өз ишин баштаган 1994-жылдан 2019-жылга чейин жалпы болуп 391,9 тонна алтын өндүрүлгөн. 2020-жылы 16 тоннадан бир аз ашкан. 2021-жылы Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү процесстери орун алып, канадалыктар ар кандай тоскоолдуктарды жасашып, анын натыйжасында кендин ишинде бир аз солгундоолор орун алганы маалым. Натыйжада алтын өндүрүүнүн көлөмү бир аз азая түшкөн.
Тенгиз Бөлтүрүктүн айтканындай болуп, быйыл 17 тоннадан ашык алтын өндүрүлсө, бул жакшы көрсөткүч болот. Демек, бул Кумтөр кени Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу иши бүлгүнгө учураган эмес дегенди билдирет. Эми казылган алтындарды сатуудан түшкөн каражаттар мурдагыдай канадалыктардын капчыгын кампайтпай, алардын эсебине түшпөй, Кыргызстандын бюджетине түшүп, кыргыз элинин кызыкчылыгына жумшалып, бюджетибизди толтуруп, кем-карчыларыбызды жаба баштаса, анда кенди Кыргызстанга өткөрүү чечими толук өзүн актаган болор эле.
Булак: “Майдан. kg” гезити