Печать
Категория: Коом
Просмотров: 89

Баткен шаарындагы жаңы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда курулуш иштеринин даярдыгы 90 пайыз түзүп, жакында пайдаланууга берилет. Азыркы учурда подряддык уюм тарабынан сырткы жасалгоо иштери, жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ.

Ошондой эле, окуу процесси үчүн керектүү жабдуулардын жана эмеректерди орнотуу иши башталды.

Мектеп 375 окуучуга ылайыкталган, бул калктуу конушта 700 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Анда долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары курулууда.

Мектептин куруулушу 2020-жылы Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражатынын эсебинен башталган. Анын сметалык баасы 1 млн 263 миң долларды түзѳт.