Бишкек шаарынын Свердлов районунун имамы Садыбакас Доолов эттин кымбатташына аялдардын ачык кийинип жүрүүсү себеп болуп жатканын айткан. Эркектерди "мындай жоруктарга чекит коюуга" чакырган. Анын видеосу соцтармактарга тараган.
КР Эмгек сиңирген артисти Үмүт Тилегенова "аялзаты алсыз өлкөнү ашыкча динчилдер оңой басып алат" деп эсептейт.
- Бул аалым кыргыз аялзатын өзү айткандай "камчылаганга" кандай акысы бар? Булардын максаты - эркектер менен аялзатты кайраштыруу! Аялзаты алсыз өлкөнү ашыкча динчилдерге басып алыш оңой. Так ушулардын сөзүн угуп сакалчандар тынч жүргөн аялзаттарга кол салууда. Бул адам өзүнүн сөзү менен жандүйнөсүнүн караңгылыгын, билимсиздигин, аялзатка болгон кара ниеттигин даңазалады. Кыргыз аялзаты 100% чүмкөнсө, бул адам ташбараңга алган ишти жетектейт!
Бул молдоке оюн так айтты!
Булар үчүн аялзат - эттин деңгээлинде!
Азыркы учурда кээ бир дин өкүлдөрү светтик өлкө экенибизге карабай, мамлекеттик иштерге кийлигишүүгө абдан чоң аракеттерди жасоодо. Кыргыз аялзатын толугу менен чүмкөнтө албай убара! Секелек кыздарды чүмкөнтүү процесси кандай ылдамдык менен жүрүүдө...
Мамлекет мындай радикалдуу молдолорго чара көрүш керек!